Разгатлыоглу Түркияга кайтып келди

Топрак Разгатлыоглу Индонезияда өткөн дүйнөлүк супербайк чемпионатынын акыркы этап жарыштарынын биринчисинде дүйнө чемпиону болду.

1737269
Разгатлыоглу Түркияга кайтып келди

Дүйнөлүк супербайк чемпионатынын 33 жылдык тарыхында биринчи түрк чемпиону болгон Топрак Разгатлыоглу Түркияга кайтып келгенден кийинки билдирүүсүндө: «Өлкөмдө ушундай тосулуп алуу мен үчүн сыймык»,-деди.

Индонезияда өткөн дүйнөлүк супербайк чемпионатынын акыркы этап жарыштарынын биринчисинде дүйнө чемпиондугун жарыялаган Топрак Разгатлыоглу : «Мен үчүн өзгөчө бир чемпионат болду. Анткени муну атам үчүн жеңдим, кыйын процесстерден өттүк. Колунда болгондун баарын сатып, мага кам көрүп, дүйнө чемпиону болосуң деп көп айтчу. Ошол күн келди бирок бул көз ирмемдерге күбө боло алган жок. Жаткан жери жалуу болсун»,-деди.



Тектеш кабарлар