Дани Алвес "Барселонада"

Алвес : «Али кыялдар бүтө элек, ошондуктан мен дагы бул жердемин»,- деди.

1735405
Дани Алвес "Барселонада"

Бразилиялык футболчу Дани Алвес "Барселона" менен сезондун аягына чейин келишим түздү. Алвес : «Али кыялдар бүтө элек, ошондуктан мен дагы бул жердемин»,- деди.

"Барселонада" 8 сезон (2008-2016) ойноп, 5,5 жылдан кийин Каталан клубуна кайтып келген 38 жаштагы коргоочу Алвес "Ноу Камп" стадионунда аны күткөн 10 000 күйөрманынын алдында жаңы келишимге кол койду.

Барселонага бекер келген Алвестин 1 - январдан тарта ойной ала турганыдыгы жана анын келишими 1 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен сезондун аягында аяктай турганы маалымдалган.

Тажрыйбалуу футболчу "Барселонанын" күйөрмандарына сүйлөгөн сөзүндө: "Эгер эсиңерде болсо, акыркы жолу бул жерде микрофонду алып, бул кыялым канчага созуларын билбейм деп айткан элем. Кыял али бүтө элек. ошондуктан мен бул жердемин",- деди.

Андрес Иньеста жана Христо Стоичковго арнап  «8» номерди  тандаганын түшүндүргөн Алвес Барселонада жакшы иштерди жасап, Бразилиянын Улуттук курама командасы менен 2022 - жылкы Дүйнө чемпиондугуна барууну каалаганын айтты.



Тектеш кабарлар