Түркия Испанияны 3-1 эсебинде утту
Түркия «С» таймасындагы үчүнчү беттешинде 5 -сентябрь жекшемби күнү саат 14.00дө Түндүк Македония менен беттешет.
1702284
Түркиянын волейбол боюнча А улуттук эркектер командасы 2021-жылкы Европа чемпионатынын «С» тайпасындагы экинчи беттешинде Испанияны 3-1 эсебинде жеңди.
CEV Европа Алтын Лигасында катары менен эки жолу чемпион болгон түрк командасы 2021-жылкы Европа чемпионатында эки оюнду тең утту.
Финляндиянын Тампере шаарында өткөн беттеште ай жылдыздуу команда атаандашына каршы мыкты оюн көрсөтүп 3-1 эсебинде жеңишке жетишти.
Түркия «С» таймасындагы үчүнчү беттешинде 5 -сентябрь жекшемби күнү саат 14.00дө Түндүк Македония менен беттешет.