Паралимпиадалык оюндар Ковид-19дун көлөкөсүндө...

Паралимпиадалык оюндардын алкагында дагы 16 кишиден Ковид-19 табылганы жарыяланды.

1699948
Паралимпиадалык оюндар Ковид-19дун көлөкөсүндө...

2020-жылкы Токио Паралимпиадалык оюндарына аккредитацияланган адамдардан коронавируска чалдыккандардын саны 257ге жеткени кабарланды.

Уюштуруу комитети, Паралимпиадалык оюндардын алкагында дагы 16 кишиден Ковид-19 табылганын жарыялады.

Акыркы 24 саатта вируска чалдыккандардын арасында турнирге катышкан эки спортчу, комитеттин бир мүчөсү, 10 кызматкер жана бир медиа мүчөсү да бар.

Вирус аныкталгандар карантинге алынды.

Ушундайча Паралимпиадалык оюндарга аккредитацияланган адамдардын арасында Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 257ге жетти.

160 өлкөдөн жана аймактан болжол менен 4400 спортчу 22 тармакта таймашкан Токио-2020 Паралимпиадалык оюндары 5-сентябрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар