Паралимпиада оюндарында Түркиянын медаль саны

Түркия Японияда жалпы 6 коло медалга ээ болду.

1698787
Паралимпиада оюндарында Түркиянын медаль саны

2020-жылкы Токио Паралимпиада оюндарында медалдардын санын 6га жеткирген Түркия, оюндар тарыхындагы медалдардын санын да 29га жеткирди.

Токио-2020нын төртүнчү күнүндө стол тенниси боюнча Али Өзтүрк, Несим Туран жана Күбра Коркут, дзюдо боюнча Зейнеп Челик коло медалга ээ болушту.

Оюндардын экинчи күнүндө Режеп Чифтчи менен Бесра Думан коло медалды багындырышкан.

Японияда жалпы 6 коло медалга жетишкен Түркия оюндар тарыхындагы биринчи медалын 2004-жылы атуу бутагында Мухаррем Корхан Ямач менен алган.



Тектеш кабарлар