Улуттук спортчу Топрак Разгатлыоглу Испанияда өткөн жарышта биринчи келди

Узундугу 3,93 чакырым болгон Испаниядагы Наварра треги тарабынан биринчи жолу өткөрүлгөн жарышта, шашки желегинен биринчи өткөн улуттук спортчу быйыл алтынчы жеңишине жетишти.

1695315
Улуттук спортчу Топрак Разгатлыоглу Испанияда өткөн жарышта биринчи келди

Улуттук мотоциклчи Топрак Разгатлыоглу Испанияда өткөн Дүйнөлүк супербайк боюнча чемпиондугунун жетинчи этабындагы экинчи жарышта биринчи болуп келди.

Узундугу 3,93 чакырым болгон Испаниядагы Наварра треги тарабынан биринчи жолу өткөрүлгөн жарышта, шашки желегинен биринчи өткөн улуттук спортчу быйыл алтынчы жеңишине жетишти.

Карьерасында 41-жолу подиумга чыгууга жетишкен 25 жаштагы Топрак, упайын 311ге көтөрдү. Упайларын британиялык Жонатан Ри менен теңеп, улуттук спортчу учкучтардын классификациясында биринчи орунду ээледи.

Улуу Британиялык Скотт Реддинг 273 упай менен классификацияда үчүнчү орунда.



Тектеш кабарлар