Керем Камал менен Мурат Фырат жарым финалга жолдомо алышты
Жарым финалда Керем Камал белоруссиялык Хлеб Макаранка, Мурат Фырат болсо сербиялык Мате Немес менен беттешет.
Польшанын борбор шаары Варшавада уланып жаткан күрөш боюнча Европа чемпионатында грек-рим стилинде күч сынашкан Керем Камал менен Мурат Фырат жарым финалга жолдомо алышты.
Түркияны 60 килограмм салмакта өкүлдүк кылган Керем Камал чейрек финалда украиналык Виктор Петрикти 5-1 эсебинде жеңип жарым финалга чыкты.
67 килограмм салмакта күрөшкөн Мурат Фырат биринчи раундда германиялык Виталис Лазовскини 5-1, чейрек финалда даниялык Фредрик Бьеррехусту 8-1 эсебинде жеңип жарым финалга көтөрүлдү.
Жарым финалда Керем Камал белоруссиялык Хлеб Макаранка, Мурат Фырат болсо сербиялык Мате Немес менен беттешет.
Тектеш кабарлар
Эрдогандан Эргин Атаманга куттуктоо
Эрдоган 26-апрелде да Эргин Атаманга телефон чалып колдоосун билдирген.
Кыргызстан Анкарадагы КМШ элчиликтеринин турнирин жеңип алды
Турнир Орусиянын Анкарадагы элчилигинин футбол аянтчасында болуп, ага 6 команда катышты.