Токио Олимпиадасы жокко чыгарылышы мүмкүн

Япониядагы бийликтеги Либералдык-демократиялык партиянын башкы катчысы Никай Тосихиро, эгерде Kovid-19 учурлары өсүп бараткан тенденцияны сактап калса, оюндарды жокко чыгарууга туура келерин билдирди.

1621917
Токио Олимпиадасы жокко чыгарылышы мүмкүн

Япониядагы бийликтеги Либералдык-демократиялык партиянын башкы катчысы Никай Тосихиро жаңы түрдөгү коронавирус (Kovid-19) өсүү тенденциясын сактап калса, Токио Олимпиадасы жокко чыгарылышы мүмкүн деп билдирди.

Улуттук телеканалга маек берген Никай, Токио Олимпиадасынын Уюштуруу комитети өлкөдө оорулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу 4 турнирди уюштурууну кыйындаткан кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алаарын билдирди.

Эгерде Kovid-19 учурлары өсүп бараткан тенденцияны сактап калса, оюндарды жокко чыгарууга туура келет деген вариантты карап чыгуу керектигин белгилеп, «Ошол убакыт келгенде, биз чечим кабыл алышыбыз керек болот. Мисалы, биз токтоосуз токтотуууга аргасыз болушубуз мүмкүн»,-деди ал.

Ушул айда жүргүзүлгөн Kyodo агенттигинин сурамжылоосунда, жалпы өлкө боюнча катышуучулардын 24,5 пайызы гана мелдештин пландалгандай өткөрүлүшүн каалагандыгы аныкталды.

Буга чейин 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өткөрүлүшү пландалган жана эпидемияга байланыштуу кийинкиге калтырылган Токио-2020 Олимпиада оюндарын 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүү чечими кабыл алынган болчу.



Тектеш кабарлар