УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы оюндар

Германиянын Бавария Мюнхен командасы Римдеги Олимпиада стадионунда Италиянын өкүлү Лациону 4-1 эсебинде утуп алды. Англиянын өкүлү Челси Испаниянын Атлетико Мадрид командасы 1-0 эсебинде утту.

1590086
УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы оюндар

Европа футболунун клубдук деңгээлдеги номер биринчи уюму Чемпиондор лигасында акыркы 16 туру эки матч менен уланды.

Германиянын Бавария Мюнхен командасы Римдеги Олимпиада стадионунда Италиянын өкүлү Лационун коногу болду.

Беттешти тез баштаган Бавария командасы 9-мүнөттө польшалык чабуулчу Роберт Левандовски менен алдыга чыкты. Лацио менен болгон эффективдүү оюнун улантып, Бавария оюндун биринчи бөлүгүн Жамал Мусиаланын 24-мүнөттө жана Лерой Саненин 42-мүнөттө киргизген голдору менен 3-0 алдыда бүтүрдү.

Лациодо Франческо Акербинин 47-мүнөттө өз дарбасына киргизген голу менен Бавария үчүн айырма 4кө жетти. 49-мүнөттө Хоакин Корреа менен Италиянын командасы эсепти 4-1 кылса дагы, Күчтүүлөр лигасындагы ушул сезондо биринчи жеңилүүдөн кутула алышкан жок.

Мюнхендик «Бавариянын» 32 жаштагы чабуулчусу Чемпиондор лигасында голдордун санын 72ге жеткирип, испаниянын мурунку футболчусу Рауль Гонсалестен ашып өтүп, турнирдин тарыхындагы үчүнчү бомбардир болуп калды.

Түндүн берки матчында Испаниянын Атлетико Мадрид командасы менен Англиянын өкүлү Челси беттешти.

Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) байланыштуу Румыниянын борбору Бухаресттеги Улуттук стадиондо ойнолгон оюн Челсинин 1-0 жеңиши менен аяктады.

Англия командасынын жеңишин 68-мүнөттө Оливье Жирунун артка секирип тээп киргизген голу алып келди.

Эки матчтын тең реванш беттеши 17-март, шаршемби күнү болот.



Тектеш кабарлар