Дзюдо боюнча 2021-жылдын биринчи мелдештери Катарда өтөт
Дохада өтө турган мастерлердин мелдешинде Түркияны 2 аял, 5 эркек дзюдочу өкүлдүк кылат.
1559464
Дзюдо боюнча 2021-жылдын биринчи эл аралык мелдештери Катарда өтөт.
Түркиянын дзюдо федерациясынын билдирүүсүнө караганда, 11-13-январь күндөрү борбор шаар Дохада өтө турган мастерлердин мелдешинде Түркияны 2 аял, 5 эркек улуттук дзюдочу өкүлдүк кылат.
Коронавирус (Ковид-19) пандемиясына байланыштуу ушул жылга жылдырылган Токио Жайкы Олимпиа оюндарына упай жана квота бере турган мелдештердин программасы төмөнкүчө:
Дүйшөмбү, 11-январь:
Аялдар: Гүл Кадер Шентүрк (48 кг)
Эркектер: Михрач Аккуш (60 кг)
Шейшемби, 12-январь:
Эркектер: Билал Чилоглу (73 кг), Ведат Албайрак (81 кг)
Шаршемби, 13-январь:
Аялдар: Кайра Сайит (+78 кг)
Эркектер: Михаэль Зганк (90 кг), Мерт Шишман (100 кг)