УЕФАнын Чемпиондор лигасында жарым финалисттер белгилүү болду

Европа футболундагы клубдук деңгээлдеги эң маанилүү турнирде жарым финалист Англиянын Манчестер Сити жана Франциянын Олимпик Лион командаларынын беттешүүсүнөн кийин белгилүү болду.

1473773
УЕФАнын Чемпиондор лигасында жарым финалисттер белгилүү болду

Олимпик Лион, Манчестер Ситини 3-1 эсебинде жеңип, УЕФА Чемпиондор Лигасындагы акыркы 4 команданын катарына кошулду.

Европа футболундагы клубдук деңгээлдеги эң маанилүү турнирде жарым финалист Англиянын Манчестер Сити жана Франциянын Олимпик Лион командаларынын беттешүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Португалиянын борбору Лиссабондо жайгашкан Хосе Алваладе стадионунда болгон оюндун 24-мүнөтүндө Корнет киргизген голу менен Олимпик Лионду 1-0 эсебинде алдыга чыгарды.

Манчестер Сити артта калгандан кийин 69-мүнөттө атаандаштын дарбазасына жасаган кысымынын натыйжасын алды. Айып аянтына чуркаган Де Брюйне Стерлинг берген паска жооп иретинде топту күтүүсүздөн тээп эсепти теңдештирди.

Манчестер Сити 79-мүнөттө топту алдырып койгон соң, коргонуунун артына ташталган топту Лионлу Дембеле алып дарбазачы Эдерсондон ашып өтүп, эсепти 2-1ге жеткирди.

Оюнга кийинчерээк киргизген Дембеле 87-мүнөттө дагы бир жолу сахнага чыкты. Стерлинг топту бош дарбазага жөнөтө албагандан кийин, Лиондун күтүүсүз чабуулунан пайдаланган француз футболчусу өзүнүн  экинчи, командасынын 3-голун киргизди.

Аянттан 3-1 эсебинде жеңиш менен чыккан Олимпик Лион жарым финалда Германиянын «Бавария» Мюнхен командасы менен беттешет.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалы 18-19-августта, ал эми финалы 23-августта өтөт.



Тектеш кабарлар