Роналдунун дүйнөлүк футболдогу ийгилиги...

А сериясындагы голдорунун санын 25ке көтөргөн Роналду Англия, Испания жана Италиянын үч лигасында бир мезгил ичинде 25 же андан ашык гол киргизген алгачкы оюнчу болду.

1449357
Роналдунун дүйнөлүк футболдогу ийгилиги...

Ювентустун португалиялык жылдыз футболчусу Криштиану Роналду 1960-1961-жылдардан берки 1 сезондо 25 гол киргизген алгачкы Ювентустун оюнчусу катары дагы бир ийгиликке жетишти.

Португалия курама командасындагы, Европанын алдыңкы клубдарынан Манчестер Юнайтед жана Реал Мадридде ойногон, футбол тарыхында өз ысымын алтын тамгалар менен жаздырган 35 жаштагы Криштиану Роналду, 1960-1961-жылдардан бери Италиянын Биринчи Футбол лигасында (Серия А) Ювентустун курамында 1 сезон ичинде 25 гол киргизген алгачкы футболчу болду.

Жашы илгерилеген сайын дагы көп гол киргизген Роналду,  гол упайларына жаңыларын кошо баштады. Күчтүү физикасы, ылдамдыгы, техникасы жана ийгиликтүү акыркы соккулары менен көңүлдү бурган Роналду, 2000-жылдардагы жеңип алган кубоктору жана рекорддору менен футболдогу салмагын көрсөттү.

А сериясындагы голдорунун санын 25ке көтөргөн Роналду Англия, Испания жана Италиянын үч лигасында бир мезгил ичинде 25 же андан ашык гол киргизген алгачкы оюнчу болду.

Роналду, Англиянын Премьер лигасында 2007-2008 сезонунда жана Испаниянын ЛаЛигасында 2009-2018-жылдары ойноп бардык сезондо  25 жана андан жогору гол киргизген.

 



Тектеш кабарлар