Түркияда футбол лигалары качан башталат?

Түркия Футбол федерациясынын (TFF)  төрагасы Нихат Өздемир, башкаруу кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берди.

1412364
Түркияда футбол лигалары качан башталат?

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын себебинен тыныгуу берилген футбол лигалары 12-13-14-июнда кайра башталат.

Түркия Футбол федерациясынын (TFF)  төрагасы Нихат Өздемир, башкаруу кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берип, «Мамлекетибиздин колдоосу менен сезонду бүткөрүүнү максаттап жатабыз»,-деди.

Лигалардын июль айында бүткөрүлө турганын белгилеген Өздемир: «Кубокторду аянтта беребиз. Августта да Чемпиондор лигасынын финалына кожоюндук кылабыз»,-деп айтты.

Өздемир: «Ушул убакка дейре бир аптаны күйөрмансыз ойнодук. Белгилүү болуп тургандай мындан кийинки беттешүүлөр дагы күйөрмансыз ойнолот»,-деди.

TFF төрагасы Өздемир: «Жети жолу жуманын акырында, бир жолу жуманын ичинде беттешүүлөрдү өткөрүп 26-июлда бүткөрүү башкы максатыбыз»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар