Орусиялык спортчу Алексей Молчанов суунун 118 метр тереңдигине чумкуду
АИДА чемпионаты 15-сентябрда аяктайт.
1268741
Суу астына эркин чумкуу боюнча дүйнөлүк АИДА чемпионатынын башталганына тогуз күн болду.
Франция Ривьерасында Вильфранш-сюр-Мерде уланып жаткан мелдештерде орусиялык Алексей Молчанов жеңишке жетишти.
18 жолу чемпион болгон 32 жаштагы спортчу суунун 118 метр тереңдигине чумкуду.
Орусиялык спортчу Жер Ортолук деңиздин сууларынын түбүндө 4 мүнөттөн ашуун убакыт калды.
8 ирет дүйнө чемпиондун алган Алексей Молчанов былтыр Багамада 130 метр чумкуп дүйнө рекордун жаңылаган эле.
АИДА чемпионаты 15-сентябрда аяктайт.