Шахика Эржүмен Антарктидада чумкуду

Түрк илимпоздору менен Антарктидага барган Эржүмен да Түркиянын континенттеги убактылуу базасы болгон лагерди куруу иштерине жардам берди.

1153554
Шахика Эржүмен Антарктидада чумкуду

 Эркин чумкуу боюнча дүйнөлүк рекорддун ээси Шахика Эржүмен 3 -  Улуттук Антарктида Илимий Сапарынын негизинде барган «ак континентте» Түрк Илимий Изилдөө Лагеринин ачылуусуна байланыштуу  атайын чумкуду.

Президенттиктин жетекчилигинде өнөр жай жана технология министрлигинин жоопкерчилигинде ишке ашырылган 3 – Улуттук Антарктида Илимий Сапарынын негизинде Түрк Илимий Изилдөө Лагери курулду.

Түрк илимпоздору менен Антарктидага барган Эржүмен да Түркиянын континенттеги убактылуу базасы болгон лагерди куруу иштерине жардам берди.

Эржүмен Түркия Илимий Изилөө Лагеринин курулушунан кийин Хорсешой аралынын жакындарында чумкуду.

Суукка каршы атайын коргоочусу болбогон кийим колдонбогон Эржүмен чумкуу учурунда абанын температурасы – 15, суунун температурасы 0 градус болуп өлчөлдү.

Муз тоолорунун арасында чумкуган Эржүмен суукка карабастан сууда 1 саат калды. Улуттук спортсмен 3 -  Улуттук Антарктида Илимий Изилдөө Сапарынын негизинде биринчи жолку чумкуусун Кинг Жорж аралында  аткарды.



Тектеш кабарлар