Түрк мушкери Фырат Арслан төртүнчү ирет Дүйнө чемпиону болду

Түрк мушкери Фырат Арслан, Германиянын Карлсрухе шаарында аргентиналык Пабло Матиас Макрони менен беттешти.

994459
Түрк мушкери Фырат Арслан төртүнчү ирет Дүйнө чемпиону болду

Түрк профессионалдык бокс тарыхынын алгачкы жана жалгыз дүйнө чемпиону Фырат Арслан, рекорддоруна жаңысын кошуп, төртүнчү ирет Дүйнө чемпиону болду жана 15-жолу алтын кемерди тагынды.

Түрк мушкери Фырат Арслан, Германиянын Карлсрухе шаарында аргентиналык Пабло Матиас Макрони менен беттешти.

Фырат Арслан, абдан күчтүү муштумдары менен атагы чыккан 19 беттешүүнүн 15ин нокаут менен жеңген Макронини биринчи мүнөттө эле атаандашын жаакка муштап жерге сулатты.

Беттешүүнүн акырында маалымат берген Фырат Арслан, атаандашынын күчтүү спортчу болгонун белгилеп, «Мурда видеолорун көргөм жана кандай коркунучка туш болгонумду билчүмүн. Таймаша баштаганда мага урган муштумдардын кандай күчтүү экенин көргөндө, эрте кыймылдап нокаут кылган жеңет деп ойлодум. Беттешүүнүн дароо башталышында атаандашымдын ачыгын көрдүм жана ал мүмкүнчүлүктү жакшы пайдаланып,аны жерге сулаттым»,-деди.

Көп сандаган түрк спортчу толтурган стадиондо Фырат, рингге чыгуу музыкасы катары колдонгон Домбранын ордуна башка музыка чертилгенде чыкпай койду жана «Домбра» музыкасын черткенге дейре күттү.

Бир топтон кийин каалаган музыкасы чертилип Түркиянын желектеринин коштоосунда рингге чыкты.



Тектеш кабарлар