Улуттук оюнчу теннис боюнча чемпиондукка жетишти

Туна Алтуна, Италияда өткөн Futures турниринде кош оюнчулар тармагында чемпиондукка ээ болду.

984857
Улуттук оюнчу теннис боюнча чемпиондукка жетишти

Улуттук теннисчи Туна Алтуна, Италияда өткөн Futures турниринде кош оюнчулар тармагында чемпиондукка ээ болду.

Түркиянын Теннис федерациясынын жарыясына караганда Реджио Эмилия шаарындагы 15 миң доллар сыйлыктуу мелдеште Туна Алтуна, болгар парнеру Александр Лазов менен бирге 22. Futures жеңишине жетишти.

Финалда Зизу Бергс (Бельгия)-Максим Табатуронг (Франция) жубун 6-4 жана 6-2 эсебинде утуп алган Туна Алтуна менен Лазов, кош оюнчуларда биринчиликти багындырышты.

Карьерасында бирден ATP финалы жана ATP Challenger чемпиондугу болгон Туна Алтуна, 2018-жылдагы алгачкы кубогун көтөрдү. 29 жаштагы улуттук спортчу дүйнөлүк тизмелөөдө кош оюнчуларда 261-орунда турат.


Этикеткалар: #Туна Алтуна , #теннисчи

Тектеш кабарлар