Түрк спортчулар Татарстанда алтын медалды багындырды

Тхэквондо боюнча Европа чемпионатынын соңку күнүндө улуттук спортчу Нафиа Куш, аялдар арасында 73 кг салмакта алтын медалга ээ болду.

969899
Түрк спортчулар Татарстанда алтын медалды багындырды

Тхэквондо боюнча Европа чемпионатынын соңку күнүндө улуттук спортчу Нафиа Куш, аялдар арасында 73 кг салмакта алтын медалга ээ болду.

Орусия Федерациясына караштуу Татарстан Республикасынын борбор калаасы Казанда өткөн уюштурууда аялдар арасында 73 кг салмакта татамиге чыккан Нафиа, финалда орус атаандашы Арина Жувоткова менен беттешти.

Жувоткованы 5-0 эсебинде жеңген Нафиа, алтын медалды багындырды. 2016-жылы Европа экинчилигин алган улуттук спортчу алгачкы чемпиондугуна жетишти.

Аялдар 73 кг салмактын үстүндөгүлөрдө Түркияны өкүлдүк кылган Суде Булут болсо финалда акыркы Европа, дүйнө жана олимпиада чемпиону англиялык Бианка Волкденди утуп алып коло медалдын ээси болду.



Тектеш кабарлар