Арда Туран жуманын эң мыктылыгына талапкер

Арда Туран 6 -  жуманын эң мыкты футболчусу талапкерлеринин арасында орун алды

626380
Арда Туран жуманын эң мыктылыгына талапкер
arda turan.jpg

Испаниянын командасы Барселонада форма кийген улуттук футболчу Арда Туран УЕФА чемпиондор лигасында 6 -  жуманын эң мыкты футболчусу талапкерлеринин арасында орун алды.

УЕФАнын интернет сайтында орун алган тизмеге караганда  Барселонанын чемпиондор лигасында аянтында немис командасы Боруссия Мёнхенгладбахты 4 – 0 эсебинде утуп алган беттешүүдө 3 голь киргизген Арда Туран 6 – жуманын эң мыкты футболчусу категориясында талапкер көрсөтүлдү.

«Купа 1де» Барселонанын атынан "hat-trick" кылып 6 – оюнчу болгон Арда Турандын атаандаштары Реал Мадридден Карим Бензема, Ювентистен Гонзало Игуаин, Портодон Андре Силва, Тоттенхэмден Герри  Кейн, Бавария Мюнхенден Роберт  Левандовски, Арсеналдан Лукас Перес жана Динамо Киевден Андрей Ярмоленко болду.

Чемпиондор лигасында жуманын эң мыкты футболчусу, УЕФАнын интернет сайтында эртеңкиге чейин созула турган добуш берүүдөн кийин белгилүү болот.



Тектеш кабарлар