Дүйнөлүк футболдун жылдыздары Антальяга келишет

Алардын арасында Месси, Неймар, Суарес, Марадона, Иньеста жана Арда Туран сыяктуу көп сандаган футболчулар бар

516973
Дүйнөлүк футболдун жылдыздары Антальяга келишет

Шемуел Это'О фондунун 10 жылдык мааракесинин алкагында Месси, Неймар, Суарес, Марадона, Иньеста жана Арда Туран да арасында болгон көп сандаган жылдыз футболчу Анталияга келет.

Камерунда футболду социалдык интеграция жолу катары колдонуп, балдардын билим алуусу, кесипке ээ кылуу жана өнүктүрүүгө карата бир катар долбоорлорго кол койгон Антальяспордун жылдыз оюнчусу Самуэл Это'о Түркияда да жаңы иш-чараны биринчи жолу ишке ашырат.

Дүйнөгө таанымал футболчулар түрк курама командасы менен 16-июлда Анталья Аренада атайын мелдеш өткөрөт.

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдогандын да колдоосу менен ойноло турганы белгиленген жана түрк туризми үчүн абдан маанилүү таасир жаратаары көздөлгөн беттешти 33 миң кишинин көрүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар