Түрк командасынын ийгилиги

Түркиянын волейбол боюнча командасы Италияны 3-1 эсебинде утуп алды.

94070
Түрк командасынын ийгилиги

Түркиянын волейбол боюнча кыз-келиндерден турган А Улуттук курама командасы Дүйнөлүк Гран-принин акыркы таймашында Италияны 3-1 эсебинде утуп алып, 20-24-август күндөрүндө Токиодо өткөрүлө турган финалдарга катышуу үчүн жолдомо алды.
Орусиянын Калининград шаарында болгон Эл аралык Волейбол Федерациясынын Дүйнөлүк Гран-присинин H тобундагы мелдештин үчүнчү жана акыркы күнүндө Түркия Италия менен таймашты.
Улуттук курама команда мелдешти 25-23, 25-19, 22-25 жана 25-23түк сеткалар менен 3-1 эсебинде утуп алды.
Түрк командасы группада 16 балл менен үчүнчү орунду алды жана Японияда өтө турган финалдарга катышууга укуктуу болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар