12 Дөө адам финалда Сербия менен беттешет

Түркия Порто-Рикону 77-66 упай эсебинде утуп алып финалга жогорулады.

93874
12 Дөө адам финалда Сербия менен беттешет

30-августтан 14-сентябрга чейин Испанияда өткөрүлө турган Дүйнөлүк кубок FIBA-2014кө даярдыктарын улантып жаткан Түркиянын «А» улуттук баскетбол курама командасы кечээки Ажыбадем Белград кубогунун биринчи оюнунда Порто-Рикону 77-66 упай эсебинде утуп алып финалга жогорулады.
Бели ооруп жаткан Керем Тунчер ойнобогон оюнда «А» улуттук курама команданын оюнчулары Өмер Ашык 15 упай топтоп, 9 рибаунд кылса, Женк Акйол 17 упай топтоп, 2 асист, 1 рибаунд кылды жана Жеди Осман 10 упай топтоп, 7 рибануд кылып алдыга чыгышты.
Турнирдин берки финалистти Аргентинаны 85-67 упай эсебинде утуп алган Сербия болду.
Сербия менен Түркия Белград Комбанк Аренада бүгүн кечинде Түркия убактысы боюнча саат 21:30да финал беттешүүсүнө чыгат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар