Түрк атлет Али Кая коло медалга ээ болду

Швейцариянын Цюрих шаарында жеңил атлетика боюнча Европа чемпионаты өтүп жатат.

90955
Түрк атлет Али Кая коло медалга ээ болду

Жеңил атлетика боюнча Европа чемпионатында түрк атлет Али Кая коло медаль алды.
Швейцариянын Цюрих шаарында өтүп жаткан 22-Европа атлетика чемпионатынын экинчи күнүндө Али Кая эркектер арасында 10 миң метр аралыкта чуркап коло медалга ээ болду.
Ал эми Англияны өкүлдүк кылган мусулман атлет Мо Фарах биринчи болсо, англиялык дагы бир атлет Энди Вернон экинчиликти алды жана түрк улуттук курама командасынан Полат Кембои Арыкан төртүнчү болду.
20 жаштагы түрк атлет Али Кая ушул ийгилиги менен Европа атлетика чемпиондугунда эркектер арасында 10 миң метр аралыкта чуркап медаль алган эң жаш атлет катары тарыхка өттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар