2014-жылдагы Дүйнөлүк чемпиондукта эң эрте кирген гол

АКШ курама командасынын чабуулчусу Демпсей эң эрте кирген 5 голдун биринин ээси болду.

99465
2014-жылдагы Дүйнөлүк чемпиондукта эң эрте кирген гол

“ФИФА” Дүйнөлүк Чемпиондукта “G” тобунун оюнунда бул жылкы эң эрте кирген гол катталды.
Эки күн мурун болуп өткөн Америка Кошмо Штаттары менен Гана өлкөсүнүн курама командаларынын беттешүүсүндө Америкалык чабуулчу Клинт Демпсей тарабынан алгач 32- секунда киргизгендиги билдирилсе, кийинчерээк 29-секундада, кийин “ФИФА” тарабынан официалдуу түрдө 30-секундада деп белгиленди. Ошентип АКШ курама командасынын чабуулчусу Демпсей эң эрте кирген 5 голдун биринин ээси болуп калды.
Белгилүү болгондой бул тармакта рекорд Түркиянын улуттук курама командасынын мурдагы футболчусу Хакан Шүкүргө таандык. Ал рекорддук голун 2002-жылдагы Дүйнөлүк чемпиондукта Түштүк Корея менен болгон оюнда 11-секунда киргизген. Андан соң чехословакиялык Ваклав Масек 15-секундада Мексика курама командасынын дарбазасына киргизген. Ал эми 3-орунда 25-секунд көрсөткүч менен 1934-жылдагы Дүйнөлүк чемпиондукта австралиялыктардын дарбазасына таамай киргизген германиялык футболчу Эрнст Лехнер турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар