Бразилияда Дүйнө кубогу уланууда

Кечээки оюндарда кызыктуу көз ирмемдер көп болду.

97047
Бразилияда Дүйнө кубогу уланууда

Кечээ, “Е” тобундагы Швейцария менен Эквадор беттешти.
Оюнда Швейцария 2-1 эсебинде жеңишке жетишти.
Швейцариянын голдорун 48-мүнөттө Адмир Мехмеди, 90 мүнөттөн кийинки кошумча берилген 3-мүнөттө Харис Сеферовиж киргизди.
Эквадордун голун Эннер Валенсия 22-мүнөттө каршы дарбазага киргизди.
Бул топтогу башка оюндардан айта турган болсок Франция менен Гондурастын беттешүүсү дагы болду.
Гондурасты 3-0 эсебинде жеңген Франция орто эсеп менен алганда топтогу алдыңкы орунду ээледи.
Франциянын алгачкы голун 45-мүнөттө Бензема киргизди. Франциянын улуттук командасы 48-мүнөттө “Гол сызыгы ыкмасынын” алгачкы ирет колдонуучуларынан болушту. Бенземанын тепкен тобу дарбазанын четине таамай тийгенде, дарбазачы Валладарес топту ичкери карай кокусунан киргизип алды. Бразилиялык калыс Сандро Рисси колдонулган ыкмага ылайык голду эсепке алды. Оюндун жылдызы болгон Бензема 72-мүнөттө дагы бир жолу гол киргизип, Францияны 3-0 эсебинде жеңишке алып келди.
«F» тобунун оюндары түн жарымынан кийин уланды.
Аргентина менен Дүйнөлүк кубоктогу биринчи оюунун ойногон Босния-Герцеговина Бразилиянын Рио-де –Жанейро шаарындагы « Maracana» стадионунда беттешти.
Арегнтина Босния-Герцеговинаны 2-1 эсебинде утту.
Аргентина 2-мүнөттө жаза аянтынын сол бурчунан Мессинин тепкен тобу коргоочунун тизесине тийип айланып барып дарбазага кирди. 1-0 алдыга өткөн Аргентина ушул гол аркылуу оюнду үстөмдүк менен баштады.
Колашинац 2-мүнөттүн 8-секундунда киргизип алган голу менен «дүйнө кубогу тарыхынын эң ылдам өз дарбазасына киргизилген голу» катары рекордго катталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар