Түрк республикаларынын эл аралык уюмдарынын ишмердиги

Евразия күндеми-14

2124635
Түрк республикаларынын эл аралык уюмдарынын ишмердиги

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикаларынын эл аралык уюмдарынын акыркы айлардагы ишмердиги тууралуу кеп салабыз.

2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү жана түрк республикаларынын интеграциясы үчүн маанилүү окуялар болуп өттү. Бул процесс 2024-жылдын алгачкы үч айында уланды. Эмесе эл аралык түрк уюмдарынын “түндүгү” вазыйпасын аркалаган Түрк Мамлекеттер Уюмунун жана ТүркПАнын акыркы эки айдагы маанилүү иш-чараларына көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 15-23-февраль күндөрү Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев АКШда иш сапары менен болду. Бириккен Улуттар Уюмунун жана АКШ өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн башкы катчы Өмүралиев АКШдагы алдыңкы аналитикалык борборлордун жетекчилери менен да жолугушту.

22-февраль күнү ТүркПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген ТүркПА делегациясы Бакуда өткөн Азия Парламенттик Ассамблеясынын 14-Башкы Ассамблеясына катышты. Башкы ассамблеяга 40 өлкөнүн парламенттик делегациялары катышты. Азия Парламенттик Ассамблеясынын төрагалыгы Түркиядан Азербайжанга өттү. Азия Парламенттик Ассамблеясынын жалпы жыйынына катышуу үчүн Бакуга барган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш ТүркПАнын Башкы катчылыгынын кеңсесине барды.

1-март күнү Анталья дипломатиялык форумунун алкагында «Түрк дүйнөсүндөгү институтташтыруу: 21-кылымдагы түрк мамлекеттеринин уюму» аттуу панелдик жыйын өткөрүлдү. Жыйынга эл аралык түрк уюмдарынын жетекчилери жана түрк республикаларынын тышкы иштер министрлери катышты. Панелде түрк дүйнөсүнүн келечеги талкууланды.

6-март күнү Стамбулда Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Улуттук транспорт ассоциацияларынын жетекчилеринин биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйындын жыйынтыгында Түрк мамлекеттеринин улуттук транспорт ассоциацияларынын биримдиги түзүлдү.

Түрк Мамлекеттер Уюмунун Мусулман дин башкармалыктары кеңешинин Фатва координациялык тобу биринчи жолу бир пикирге келип Рамазан айынын башталышын 11-март күнү деп жарыялашты.

11-12-мартта Ашхабадда Түрк Мамлекеттер Уюмунун Аксакалдар кеңешинин 15-жыйыны болуп өттү. Аксакалдар кеңешинин 16-жыйыны Будапештте болот.

20-март күнү Казакстандын Тараз шаарында Түрк мамлекеттеринин айыл чарба министрлеринин 3-жыйыны болуп өттү. Жыйындын алкагында Түрк Мамлекеттер Уюмунун 3-Түрк айыл чарба бизнес форуму да өттү. Айыл чарба министрлеринин чечими менен Тараз шаары 2024-жылдын сентябрь айынан тарта Түрк Мамлекеттер Уюмунун айыл чарба борбору болуп жарыяланды. Айыл чарба министрлеринин кезектеги жыйынын Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

ТүркПАнын баш катчысы Мехмет Сүрейя Эр 23-27-март күндөрүнүн аралыгында Женевада өткөрүлгөн Парламенттер аралык биримдиктин 148-жыйынына катышты. Парламентарийлердин жыйынына Азербайжандын жана Казакстандын парламенттеринин башчылары да катышты.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Түрк Мамлекеттер Уюму эл аралык түрк уюмдарынын “түндүгү” катары маанилүү иштерди алып барып жатат. Түрк Мамлекеттер Уюмунун Бириккен Улуттар Уюмуна байкоочу мүчө болушу маселеси күн тартибинде. Бир тараптан ТүркПА да түрк республикаларынын ортосундагы бекем кызматташтык пайдубалын камсыз кылууга умтулуп жатат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар