Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги маанилүү окуялар

Евразия күндеми-10

2112018
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги маанилүү окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк республикаларынын күн тартибиндеги маанилүү окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада түрк республикаларында маанилүү окуялар болуп өттү. Эми аларга көз чаптырып көрөлү.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февраль күнү Венгриянын Улуттук парламенти өлкөнүн жаңы президенти катары Тамаш Сулёкту шайлады. Тамаш Сулёк 5-март күнү Венгриянын 7-президенти катары ант берип, кызматына киришти. Сулёк Венгриянын Конституциялык сотунун төрагасы кызматын аркалап жаткан. Венгриянын мурдагы Президенти Каталин Новак 10-февраль күнү арызын жазып кызматтан кеткен болчу.

Монголия Республикасынын Парламентинин Төрагасы Занданшатар Гомбожав 27-февраль күнү Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди. Бишкек шаарында Занданшатар Гомбожав Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен өз-өзүнчө жолугушту. Монголиянын парламентинин төрагасы Гомбожав Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевди Улан-Батор шаарында өтө турган Транс-Алтай туруктуу өнүгүү диалогу форумуна чакырды. Жолугушуунун соңунда Монголиянын парламенти менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Жогорку Кеңештин төрагасы Занданшатар Гомбожав Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хүрэлсүхтүн катын тапшырды. Эскерте кетсек, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Монголияга расмий иш сапары менен барып, Кыргызстандын Улан-Батордогу элчилиги ишин баштаган. Премьер-министр Акылбек Жапаров менен төрага Гомбожавтын жолугушуусунун соңунда эки өлкө ортосунда 5 келишимге кол коюлду.

28-февраль күнү Бишкекте Кыргызстан-Түркия бизнес форуму болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун эгедерлигинде өткөн форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Түркиядан 60 ишкерден турган делегация катышты. Эки өлкөнүн ишкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында 2 миллион 700 миң долларлык келишимдерге кол коюлганы айтылды.

1-март күнү Бакуда Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин катышуусунда Жашыл энергетика кеңешинин 2-министрлер жыйыны жана Түштүк жаратылыш газы коридору кеңешинин 10-министрлер жыйыны болуп өттү. Жыйынга Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Евробиримдиктин жетекчилери жана тиешелүү өлкөлөрдүн министрлери катышты. Президент Илхам Алиев менен Албаниянын премьер-министри Эди Рама эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Азербайжан менен Албаниянын ортосундагы визалардын жоюлгандыгы жарыяланды.

1-3-март күндөрү Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын эгедерлигинде “Кризистик мезгилде дипломатияны алдыңкы планга чыгаруу” деген аталышта 3-Анталья дипломатиялык форуму ийгиликтүү болуп өттү. Форумга 100дөн ашуун өлкөдөн 4 миңден ашуун өкүл катышты. Бул иш-чарага Евразиянын бардык өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышты. Мисалы, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын Халк Маслахатинин Төрагасы Гурбангули Бердымухамедов, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия Федерациясынын тышкы иштер министрлери катышышты. Форумдун алкагында көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар болду. Режеп Таййип Эрдоган менен Гурбангули Бердымухамедовдун жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ортосунда 3 келишимге кол коюлду.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар