Газада балдар жана ымыркайлар ачкачылыктан өмүрүнөн ажырап жатат

Апталык анализ-10

2112996
Газада балдар жана ымыркайлар ачкачылыктан өмүрүнөн ажырап жатат

 

Газада балдар жана ымыркайлар ачкачылыктан өмүрүнөн ажырап жатат

 

Хамас жана Палестинанын башка каршылык түзүмдөрү тарабынан Израилге каршы башталган «Акса топону» операциясынан кийин Израилдин Газаны басып алуусу уланып жатканда, эки жарым миллион киши жашаган 360 чарчы километр тилкенин бардык тараптан блокадаланышы уланууда. Израиль аймакты абадан жана кургактан бутага алууда жана жарандарды атайылап кырып жатат. Жардамдардын аймакка жетүүсүнө тоскоол болуп, учурда адамдар, өзгөчө балдар жана ымыркайлар ачкачылыктан өлө баштады. Дүйнө жүзү карап гана тим болууда.

SETAнын Тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул темадагы талдоосун сунуштайбыз...

Израилдин Газаны басып алуусу уланууда. Шаардын 80 пайызы дээрлик талкаланган, болжол менен эки жарым миллион адам жашаган 360 чарчы километр тилке ар тараптан блокадага алынган, абадан жана кургактан 24 саат бою бомбаланып жатат. Израиль буга канааттанбай, гуманитардык жардамдын аймакка чоң масштабда жетүүсүнө тоскоол болууда. Газанын түндүгүндө камалып калган карапайым калк учурда ачарчылыктан жапа чегип жатканда, БУУнун акыркы маалыматтарына караганда, тамак-аштын жетишсиздигинен жана суусуздуктан көптөгөн балдар жана ымыркайлар өлдү. Он миңдеген карапайым калк бомбалар менен атайылап өлтүрүлгөн аймакта азыр адамдар тамак-ашка жана сууга жете албагандыктан өмүрүнөн ажырап жатат. Тилекке каршы, мунун баары дүйнөнүн көз алдында болуп жатат.

Батыш өлкөлөрү, өзгөчө АКШ жүзүн сактап калуу үчүн ар кандай билдирүүлөрдү жана аракеттерди жасаса да, Израилдин басып алуу жана кыргындарын саясий жана аскердик жактан кеңири масштабда колдоп жатышат. Айрыкча АКШ дээрлик күн сайын Израилге аба көпүрөсүн түзүп, аскердик ок-дарыларды ташып жаткан учурда БУУнун Коопсуздук Кеңеши сыяктуу мекемелерде Израилдин пайдасына позициясын кармануусун улантууда. Байден Нетаньяхуга түрдүү талаптарды коюп, ок атышпоо тууралуу риторикаларды ортого салганы менен Израилди колдоо иш жүзүндө уланууда.

Газадагы кыргындар азыр балдар жана ымыркайлар ачкачылыктан жана суусуздуктан өлүп жаткан деңгээлге жетти. Израилди колдогон батыш дүйнөсү албетте бул кылмыштардын баарына шериктеш. Батышта бүткүл дүйнөлүк абийир кыймылынын бир бөлүгү болгон көптөгөн адамдар бар жана алар ачык айтуудан жана акцияларды уюштуруудан кайра тартпайт. Бирок мамлекеттик деңгээлдеги саясат өзгөрбөйт.

 Нетаньяхунун согуш кабинети ХАМАСты аскердик жол менен жок кыларын билет, ошондуктан алардын негизги максаттары Хамаска эмес, Газаны талкалоого, карапайым калкты кырууга жана Синай жарым аралына адамдарды сүргүнгө айдоого багытталган. Түркия жана Түштүк Африка сыяктуу өлкөлөр бул аң-сезим менен колунан келгенин жасап, Израилге каршы абийир коалициясын түзүүгө аракет кылууда. Бирок ислам өлкөлөрү да, башка өлкөлөр да Израилге каршы сестентүүчү кадамдарды жасай албай жатышат. Ал эми Газадагы карапайым калк, балдар жана ымыркайлардын окуядан жапа чегүүсү уланууда.

Балким, Иранды кашаага алуу керек. Иран жана анын ишенимдүү өкүлдөрү, Хизбуллах жана Хуситтер Израилге каршы аз интенсивдүү болсо да аскердик операцияларды жүргүзүүдө. Хуситтердин Кызыл деңизди жана Бабел Мандебди тосуусу бул жагынан эффективдүү көрүнөт, бирок бул Израилди токтотуу үчүн өз алдынча жетиштүү стратегия эмес. Айрыкча Хизбуллах согуштун башында өтө катуу риторикаларды айтып, эгер оккупация башталса, Израилге каршы бүт күчүбүз менен согушабыз деген риториканы карманбай, күтүлгөндөн алда канча төмөн болгон аскердик аракетти жүргүздү. Албетте, бул жерде АКШнын орноткон аскердик турумдары жана аймактагы коркутуулары да эффективдүү болду окшойт.

 Акыр-аягы, Ислам өлкөлөрү Израилди дипломатиялык, саясий жана аскердик жактан токтото турган эч кандай чара көрө алган жок. Батыш өлкөлөрү, өзгөчө АКШ жана Улуу Британия Израилдин кыргындарына катышкыдай түрдө аскердик жана саясий колдоо көрсөтүүнү улантып жатышат.



Тектеш кабарлар