Битлистин Ахлат аса таягы

Түркиянын географиялык көрсөткүчү менен катталган өнүмдөрү-9

2108119
Битлистин Ахлат аса таягы

Битлистин Ахлат аса таягы

Катталган күнү: 26.12.2017

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагындагы Ван көлүнүн жээгинде жайгашкан Битлис шаарынын тарыхый району Ахлат, өзгөчө Анадолу жана түрк тарыхы жагынан өзгөчө мааниге ээ. Райондо табылган Урарту, Селжук, Аккоюнлу жана Осмон доорлоруна таандык экспонаттар аймак жана түрктөрдүн Анадолуга келиши тууралуу маанилүү маалыматтарды камтыйт. Ахлат району, өндүрүшүндөгү жогорку сапаттагы кол өнөрчүлүк менен көңүлдөрдү бурган жана күнүмдүк колдонууну да, көркөмдүк баалуулуктарды да алып жүргөн аса түрүнө атын берген. Тарыхы жана жасалуу ыкмасы кылымдарды карыткан «Ахлат аса таягы» Ахлат районунун акимчилигинин кайрылуусу менен 2017-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү менен катталган өнүмдөрүнүн тизмесине киргизилген. Аса таягы аймакта атайын өстүрүлгөн жаңгак дарактарынан өндүрүлөт. Ахлаттагы жаңгак дарактары системалуу түрдө багылып, сугарылып турган дарактар, ошондуктан бутактары узун жана түйүндөрү аз. Ахлат аса таягы эки түрдө чыгарылат. Карылар жана бейтаптардын күнүмдүк колдонуусуна карата даярдалган калың асалардан тышкары, белек-бечкек, кооздук жана туристтик максаттуу таяктарды аймактагы усталар кылдаттык менен жасашат. Аса таягын өндүрүүдөгү эң маанилүү элемент – колдонула турган жаңгак дарагынын 1 жыл эч күн нуру тийбестен 2 жыл кургатылышы. Таяктын бекемдиги үчүн бул абдан маанилүү. Машиналардын жардамы менен калыптандырылгандан кийин асаны жасоо усталардын кол өнөрчүлүгү менен ишке ашырылат. Аса чеберлери, белгиленген көлөмгө жараша оюп түшүрүү, оюу, күйгүзүү же боёо ыкмаларынын бирин колдонушат. Усталар тарабынан Ахлат аса таягынын тулкусуна эбру, жалтыратуу жана миниатюра оюмдары кылдаттык менен чегилип, асанын сабы үчүн алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдар колдонулат.



Тектеш кабарлар