Түрк республикаларынын күн тартибиндеги маанилүү окуялар

Евразия күндеми-8

2106229
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги маанилүү окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикаларынын күн тартибиндеги маанилүү окуялар тууралуу сөз кылабыз.

Түрк республикаларынын араб өлкөлөрү менен болгон мамилелери күн өткөн сайын өнүгүүдө. Өткөн аптада Казакстан менен Кыргызстандын президенттери араб өлкөлөрүндө сапарда болушту.

Үстүбүздөгү жылдын 12-14-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирликтеринде иш сапары менен болду. Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирликтеринин премьер-министри Рашид аль Мактум жана өлкөнүн энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Аль Мазруи менен жолугушууларды өткөрдү. Кыргызстандын президенти Жапаров Дубайда өткөн 10-Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышып, сөз сүйлөдү. Президент Жапаров Дубай Ислам банкы, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун жетекчилери жана БАЭ ишкерлери менен да өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев 14-февраль күнү Катар мамлекетине мамлекеттик иш сапары менен барды. Президент Токаевди Дохада расмий салтанат менен тосуп алышты. Касым Жомарт Токаев Катардын Эмири Тамим бин Хамад аль-Тани жана Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман аль-Тани менен жолугушту. Жолугушуулардын соңунда эки өлкөнүн ортосунда 9 келишимге кол коюлду. Иш сапардын алкагында Катар ишкерлери менен тегерек үстөл жолугушуусу болуп өттү. Президент Токаев катарлык алдыңкы ишкерлер менен да өз-өзүнчө жолугушуу өткөрдү.

Акыркы жылдарда Түрк республикалары менен араб өлкөлөрүнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги байланыштар байма-бай боло баштады. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында Венгриянын Президенти Каталин Новак Катарга барды.

Венгриянын Президенти Каталин Новак Катарга жасаган иш сапарынан кайтып келгенден кийин, балдарга зомбулук көрсөткөн бир адамга мунапыс берип жаңылыштык кылганын мойнуна алып, кызматынан кетти. Венгриянын парламенти жаңы президентти 30 күндүн ичинде шайлайт.

Азербайжанда 7-февралда болуп өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Илхам Алиев 14-февраль күнү Азербайжандын Улуттук Парламентинде ант берди. Президент Алиев Улуттук Парламентте сүйлөгөн сөзүндө түрк биримдигине басым жасады. Алиев: “Биринчи кезекте Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагында ишибизди улантабыз. Бул биз үчүн приоритет экенин ачык айткым келет. Түрк мамлекеттеринин уюму биз үчүн негизги эл аралык уюм, анткени ал- биздин үй-бүлөбүз. Биздин башка үй-бүлөбүз жок. Түрк дүйнөсү биздин үй-бүлөбүз. Түрк мамлекеттеринин уюму дүйнөлүк аренада маанилүү. Биз аны негизги оюнчу жана күчтүү борборго айландыруу үчүн биргелешип аракет кылышыбыз керек. Биз бул ишти бирге жүзөгө ашыра алабыз”, - деп айтты. Президент Алиевдин Түрк дүйнөсү боюнча билдирүүсү түрк республикаларынын ортосундагы интеграциянын эл аралык аренада канчалык мааниге ээ экендигин айгинелеп турат. Президент Алиевдин өз сөзүндө неоколониализмге да басым жасашы алкоого татырлык.

Карабах маселеси чечилгенден кийин Азербайжандын тарыхында жаңы барак ачылды. Мындан ары Азербайжан бийлиги баскынчылыктан бошотулган аймактарды өнүктүрүү жана Президент Алиев белгилегендей, Түрк дүйнөсүнүн эл аралык аренадагы күчүн дагы да арттыруу үчүн аракетин күчөтөт.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар