Невшехирдин Каймаклы кургак каймагы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-8

2105561
Невшехирдин Каймаклы кургак каймагы
kuru  kaymak.jpeg

Невшехирдин Каймаклы кургак каймагы

Катталган күнү: 21.04.2022

Түркиянын Борбордук Анадолу аймагындагы табигый жана тарыхый кооздуктары менен белгилүү Невшехир шаарынын Каймаклы жергеси атын өзгөчөлөнгөн сүт азыгына берген. Каймаклы муниципалитетинин кайрылуусу менен 2022-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн катарына кирген Каймаклы кургак каймагы сары май сымал, белок жана майы абдан жогору, тешикчелери бар, кургак, катуу жана жарым ай көрүнүшүнө ээ. Уйдун сүтүнөн жасалган каймак үчүн алгач чогултулган сүттөр чыпкаланат. Сүт «Тандыр үйү» деп аталган жерге көмүлгөн мештерде бышырылат. Сүт кайнай баштагандан кийин казан менен кошо тандырдан чыгарылат. Оттун чогунун үстүнө жайпак жез идиш коюлат. Идиш ысыганда ысык сүт кайрадан чыпкаланып, акырындык менен жез идишке куюлат. Бул ыкма менен пайда болгон көбүктөр каймактын тешиктүү түзүлүшкө ээ болушун камсыздайт. Тандырда 6 сааттай бышкан сүттө каймак пайда болгондо, жез идиштин четине жабышкан каймак бычак менен чыгарылат. Идиштен алынганда жарым тегерек формада болгон каймак, терсинен коюлган калбырдын бетинин үстүнө коюлат.  Каймакты формасын бузбастан жез идиштен чыгарып, атайын жасалган калбырга коюу чеберчиликти талап кылат. Каймак күн нурунан алыс жана төмөнкү температурада 24 саат бою тешиктүү калбырдын үстүндө кургатылат. Калбырдын тешиктүү болушу үстү менен астынан аба алган каймактын бардык тарабынын бирдей жана өз убагында кургашын камсыздайт. Шаарда жыл сайын фестивалы да уюштурулган Каймаклы кургак каймагы муздаткычта 14 күн же минус 1ден минус 18 градуска чейинки температурада 1 жыл бузулбастан сакталат.



Тектеш кабарлар