Таштандыларды бөлүштүрөмүн

Анткени - 8.2024

2105074
Таштандыларды бөлүштүрөмүн

Сүйүктүү окурмандар, бүгүн жашап жаткан күнүбүздү кызыктыргандай эле келечегибизди да кызыктырган маселеге токтолобуз. Кайра иштетүүнүн жеке адамдарды кызыктырган биринчи этабы таштандыларды бөлүү темасын карап чыгабыз. «Баары эшигинин алдын шыпырса айлана таза  болот» деп айтылгандай ар бир кичинекей кадамдардын чоң бир маселеде канчалык маанилүү орунга ээ болгонун көрсөтүүгө аракет кылабыз. Сөзүбүздү таштандыларды бөлүштүрөмүн анткени деген сөз менен баштайбыз.

Пайдаланылган, эскирген  буюм жана таштандылар чогултулуп,  кайра иштетүү жана бул материалдарды жаңы продукцияны өндүрүүдө колдонуу процесси кайра иштетүү деп аныкталат. Дүйнө калкынын көбөйүшү жана көбөйгөн адамдын муктаждыктары ийне жипке  чейин ар бир нерсени абдан чоң көлөмдө өндүрүүнү талап кылууда. Бирок бул өндүрүш үчүн керектелүүчү сырье жана энергия чектелүү жана ресурстар азайган сайын кымбаттай турганы айдан ачык. Бул маселени чечүү жолу катары кайра иштетүү, өзгөчө ресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана жаратылышка мүмкүн болушунча аз зыян келтирүү менен бир катар чараларды ишке ашырууну көздөйт. Бул процесстин биринчи кадамы таштандыларды бөлүү болуп саналат.

Үйүбүздө же жумуш орундарыбызда күн сайын ортого чыккан желим, айнек жана кагаз калдыктары иргелбей ыргытылганда көптөгөн маселелерди жаратат. Айрыкча чоң шаарларда таштанды чогултуучу  аймактарды түзүү негизги багыттардын бири. Органикалык жана органикалык эмес калдыктар көпкө чогуу турганда атмосферага зыяндуу газдарды бөлүп чыгарышат. Таштанды аянттарын азайтуу үчүн көп жолу колдонулуучу калдыктарды өзүнчө жерлерге чогултуу маанилүү. Бул иш жергиликтүү башкаруулар тарабынан аткарылса да шаар турмушуна кошулган биздин да бул процессте жоопкерчилигибиз бар

Пластмассадан, айнектен жана кагаздан жасалган буюмдарды чыгаруучу сырьёну алуу учун эң жогорку энергия керектелет. Мындан тышкары, бул продуктыларды  өндүрүү үчүн көбүрөөк энергия сарпталат. Колдонулган материалды чийки зат катары кароо биринчи энергияны жок кылат. Өнүккөн технология менен, кайра иштетилген материалдардан азыктарды өндүрүү азыраак энергия менен барган сайын жетишилет. Үйүбүздөгү таштандыларды бир баштыкка чогултуунун ордуна, материалына жараша бөлүп, таштанды чогултуучу кутуларга ыргытуу бул процесске салым кошуу дегенди билдирет. Чектелген ресурстарыбызды коргоону үйүбүздөн баштайлы.



Тектеш кабарлар