2023-жыл Евразия республикалары үчүн кандай жыл болду?

Евразия күндеми-1

2084174
2023-жыл Евразия республикалары үчүн кандай жыл болду?

Түркия үнү радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүгүндө 2023-жыл Евразия республикалары үчүн кандай болгонуна токтолобуз.

2023-жылы Евразия чөлкөмүндө маанилүү окуялар болду. Эми аларды бирден карап көрөлү.

2023-жылы Евразия чөлкөмүнүн эң маанилүү күн тартиби Украина-Орусия согушу болду. Согуш эки жылдан бери уланып жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Украинада каза болгон жайкын тургундардын саны 10 миңге жакындады. Орус жана украин армиясындагы жоготуулардын так саны белгисиз болгону менен каза болгондордун саны 1 миллионго жакын экени божомолдонууда. Орусия башында четке кагып, кийинчерээк Украинада активдүү колдонгон Вагнер жалданма согушкерлер тобу Кремль администрациясына каршы көтөрүлүп, акырында орус администрациясы бул расмий эмес түзүлүштү жок кылууга аргасыз болду. Палестина маселесинен улам дүйнөлүк күн тартибинен түшкөндөй көрүнгөнү менен, Орусия-Украина согушу 2024-жылы Евразия географиясынын негизги күн тартиби болууну улантат. Быйыл Орусияда 15-17-мартта жана Украинада 31-мартта өтө турган (мүмкүн кийинкиге жылдырылышы мүмкүн) президенттик шайлоонун жыйынтыгы согуштун бүтүшүнө таасир этеби, азырынча белгисиз.

Азербайжан 2023-жылдын 19-сентябрында Карабакта аскердик операция жүргүзүп, аймакты толук көзөмөлгө алган. Карабактын мыйзамсыз администрациясынын мүчөлөрү соттолууда. 2024-жыл Түштүк Кавказда тынчтыктын жылы болот окшойт. Анткени Ереван башкаруусу Азербайжан менен тынчтык келишимин түзүүгө, Түркия менен эки тараптуу карым-катнаштарды жөнгө салууга жана Орусиянын көзөмөлүндөгү саясаттан баш тартууга кадам таштай баштады.

Буга чейин чек ара маселесинен улам чатакташкан Кыргызстан менен Тажикстан 2023-жылы чек араны аныктоодо жылыш болгонун жарыялашты. Евразия өлкөлөрү ооган элине колдоо көрсөтүүнү улантышты. Кытай Эл Республикасы талибдердин бийлигин расмий тааныган биринчи өлкө болду.

2023-жылы Евразия өлкөлөрүндө өткөрүлүшү пландалган аймактык жана эл аралык жыйналыштар өз убагында өткөрүлдү. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын, Евразия Экономикалык Бирлигинин, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын, Каспий жээгиндеги мамлекеттердин мамлекет башчыларынын саммити, Шанхай Кызматташтык Уюмунун, Түрк Мамлекеттер Уюмунун жана ТүркПАнын саммити болуп өттү.

Дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин Борбор Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрүнө кызыгуусу артты. Борбордук Азия+1 саммиттери АКШ, Европа Биримдиги, Германия, Орусия жана Кытай сыяктуу мамлекеттердин ортосунда өттү. C5+1 тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары салттуу түрдө ондон ашык өлкө менен өткөрүлө баштады. Борбор Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрү Орусия менен Батыштын ортосундагы тең салмактуу тышкы саясатты сактоого кам көрүштү.

Евразия өлкөлөрүнүн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштары 2023-жылы өз ара жогорку деңгээлдеги сапарлар менен бекемделди. Араб өлкөлөрүнүн Евразия өлкөлөрүнө инвестициясы көбөйдү.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Евразия өлкөлөрү 2023-жылы активдүү тышкы саясат жүргүзүштү. Орусия-Украина согушу жана Түштүк Кавказда тынчтыктын орношу өткөн жылдын көрүнүктүү окуялары болду.

Урматтуу угармандар, бүгүнкү программабызды ушул жерден жыйынтыктайбыз. Эмдиги программада кайрадан бирге болгуча бизди www.trt.net.tr/kyrgyz веб барагыбыздан байкап туруңуздар.

Программаны эфирге даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар