Наллыхан районундагы уникалдуу кол өнөрчүлүк

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-68

2077175
Наллыхан районундагы уникалдуу кол өнөрчүлүк

Анкаранын Наллыхан ийне боосу

Катталган күнү: 15.02.2018

Түркиянын борбор шаары Анкаранын Наллыхан району ийне менен токулган уникалдуу кол өнөрчүлүгү менен белгилүү. Ийне боо – бул түрдүү формадагы илмектерди жасап, аларды «токмо илмек» деп аталган кичинекей илме шибеге менен айкалыштырууга негизделген үч өлчөмдүү кол өнөрчүлүк. Наллыхан ийне боосу 2018-жылы Наллыхан өнүктүрүү фондунун кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн арасына кирген. Негизинен жоолуктарды кооздоо үчүн жасалган ийне боо жергиликтүү аялдардын кол өнөрчүлүгү болуп, көптөн берки аракеттин натыйжасында пайда болгон. Тарыхый Жибек Жолунун боюнда жайгашкан Наллыханда өткөн кылымдарда жибектин колдонулушу кеңири жайылып, алгач жибек жиптери менен жасалган ийне боосу убакыттын өтүшү менен өнүктү. Наллыхан ийне боосунун эң негизги өзгөчөлүгү – жип ийүү техникасынын колдонулушу жана боонун башталгыч чекити деп эсептелген тамыр бөлүгүнүн эч качан кездеменин бетине өрүлбөгөнүн айтсак болот. Бул ыкма ийне боосуна катуу форма берет, ошондуктан Наллыхан ийне боосу колго же машинада жууганга абдан чыдамдуу. Наллыхан ийне боосунда колдонула турган жиптерде табигый боёк тандалат жана катуулатуучу химиялык заттар эч качан колдонулбайт. Наллыхан ийне боосу менен токууда көбүнчө мөмө-жемиш, жалбырак жана гүл сыяктуу «өсүмдүк» мотивдер колдонулат. Мындан тышкары, бал аары, көпөлөк сыяктуу жаныбарлардын мотивдери жана ар кандай геометриялык оюмдар да камтылган. Кошумчалай кетсек, ар кандай дизайндар аны жасаган адамдын фантазиясына жараша түзүлүшү мүмкүн. Наллыхандын символуна айланган ийне боо өнөрү көп жылдардан бери район элинин оокаттарынын бири болуп келген.



Тектеш кабарлар