Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-67

2073985
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын угуп жатасыздар. Бүгүнкү уктуруубузда түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрь күнү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид бин Абдулазиз аль-Фалихти кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин түрдүү тармактары жана Сауд Арабиянын Өзбекстанга салган инвестициялары талкууланды. Ушул эле күнү президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда Сауд Арабиянын “ACWA Power” компаниясынын эки жаңы энергетикалык долбоорунун пайдубалын түптөө аземине катышты.

Кытай Эл Республикасынын Вице-премьер-министри Дин Сюэсян 27-ноябрда Казакстанга расмий иш сапары менен келди. Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Вице-премьер-министр Дин Сюэсянды кабыл алды. Жолугушууда Казакстан-Кытай мамилелери, «Бир алкак-бир жол» долбоору жана башка тиешелүү маселелер талкууланды. Ушул эле күнү Астанада Казакстан-Кытай кызматташтык комитетинин 11-жыйыны болуп өттү.

Кытайдын өкмөттүк делегациясы Казакстандан кийин Түркмөнстанга барды. Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов Кытай Эл Республикасынын Вице-премьер-министри Дин Сюэсянды кабыл алды. Ашхабадда Түркмөнстан-Кытай өкмөттөр аралык кызматташтык комитетинин 6-жыйыны өттү.

28-ноябрь күнү Түркмөнстандын вице-премьер-министри Танрыгулы Атахаллыев Тажикстандын президенти Эмомали Рахман менен жолугушту. Жолугушууда түркмөн-тажик мамилелеринин негизинен экономика багыты боюнча маселелери талкууланды.

28-ноябрда Тогонун президенти Фауре Эссозимна Гнассингбе расмий иш сапары менен Казакстанга келди. Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Тогонун президенти Гнассингбе менен тар жана кеңейтилген курамда жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда президенттер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

29-ноябрь күнү Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаровду кабыл алды. Жолугушууда Түркмөнстан-Азербайжан мамилелеринин абалы боюнча канааттануу баса белгиленди. Министр Жаббаров Ашхабадда өткөн Түркмөнстан-Азербайжан өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык комиссиясынын 7-жыйынына катышты., Азербайжан-Грузия-Түркия Коргоо министрлеринин 10-жыйыны 27-ноябрь күнү Бакуда болуп өттү. Жыйындын соңунда министрлер үч тараптуу протоколго кол коюшту.

28-ноябрь күнү Казакстандын өкүлү Актоты Райымкулова Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун төрайымы кызматына киришти. Тиешелүү чечим 3-ноябрда Астанада өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммитинде кабыл алынган болчу. Буга чейин уюмду Гүнай Эфендиева жетектеп келген.

30-ноябрь-2-декабрь күндөрү Азербайжандын Улуттук Парламентинин Төрайымы Сахиба Гафарова расмий иш сапары менен Германияда жана Чехияда болду. Иш сапардын алкагында спикер Гафарова Германиянын жана Чехиянын депутаттары жана парламенттин төрагалары менен жолугушту.

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча бүткүл дүйнөлүк саммити 30-ноябрда Дубайда башталды. Саммитке Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган жана Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов катышып, сөз сүйлөштү. Саммиттин алкагында көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар болду.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар