Ризенин Хемшин байпагы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-61

2064367
Ризенин Хемшин байпагы

Ризенин Хемшин байпагы

Катталган күнү: 09.08.2021

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги Ризе шаарынын Хемшин районуна гана таандык жана тарыхы 1700-жылдарга чейин созулган түркүн түстүү байпактар ​​аймакка келген чет элдик туристтердин негизинде Түркияда гана эмес, бүткүл дүйнөдө татыктуу кадыр-баркка ээ болгон. Хемшин байпагы 2021-жылы райондун муниципалитетинин кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Хемшин байпагы көбүнчө койдун жүнүнөн жана эчкинин кылынан ийрилген жиптерден 5 даана шиш колдонулуп өндүрүлөт. Алгач кыркылган койдун жүнү, эчкинин кылы жакшылап жуулат жана кургатылган соң жүн тарагы менен таралат. Жүндүн жакшы таралышы анын жипке айланганда оңой үзүлбөй бышык болушун камсыздайт. Салттуу кол шаймандары менен жукартылган жана ийрилген жиптер чоң казандарда пияздын кабыгы, жаңгактын кабыгы, кызыл капуста, чай сыяктуу түрдүү өсүмдүктөр менен чогуу кайнатылып табигый түскө ээ болот. Токуу процесси болсо байпактын учунан башталып, керектүү өлчөмгө келгенге чейин илмектер кошулуп чоңойтулат. Салттуу Анадолу мотивдери жана табигый жашоого байланыштуу мотивдер колдонулган Хемшин байпактарына мүнөздүү түстөр кызыл, көк, жашыл жана ак. Ошондой эле мотивдердин өзгөчөлүгү үчүн карама-каршы түстөр тандалат.



Тектеш кабарлар