Аксарайдын Ташпынар килеми

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-59

2058190
Аксарайдын Ташпынар килеми

АКСАРАЙДЫН ТАШПЫНАР КИЛЕМИ

Катталган күнү: 01.09.1996

Түркиянын Борбордук Анадолу аймагында жайгашкан, болжол менен 3 миң калкы бар Аксарай шаарынын Ташпынар жергеси кол өнөрчүлүк менен өндүрүлгөн аймактын эң түстүү жана түрдүү оймо-чиймелүү килемдери менен белгилүү. «Ташпынар килеми» деген ат менен татыктуу кадыр-баркка ээ болгон жана чакан токуу станокторунда өндүрүлгөн килемдер Ташпынар муниципалитетинин кайрылуусу менен 1996-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө киргизилген. 1960-жылдарга чейин аялдар тарабынан үйлөрүндө кичинекей токуу станокторунда өндүрүлгөн Ташпынар килеми өзгөчө стилдештирилген оймо-чиймелери жана түс тандоолору менен аймакка келген жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көңүлүн бурат. Ташпынар килемдерин башка колго жасалган килемдерден айырмалаган эң негизги өзгөчөлүк – килем бетине гүл жана геометриялык мотивдердин бирдей түшүрүлүшү, бурчтар менен борборду жаратышы жана ошол эле учурда жерге салына турган бетинин бош калтырылышы. Килемди өндүрүүдө жип катары райондогу малдын жүнүнөн алынган мохер колдонулат. Мохер жүнү да тамыр боёктору менен табигый түскө ээ болот. Кош түйүндүү, жыш токулган килемдер үчүн артыкчылыктуу түрдө ачык кочкул көк, кочкул кызыл жана ак түстөр тандалат. Өтө сейрек жашыл жана сары түстөр да колдонулат. Башында кичинекей өлчөмдө өндүрүлгөн килемдердин көлөмү суроо-талаптан улам 4 чарчы метрге чейин чоңойтулган.



Тектеш кабарлар