Буларды билесиздерби?

Дүйнөнүн эң чоң мечиттеринин бири Стамбулда экендигин билесиздерби?

2052800
Буларды билесиздерби?

Түркиянын эң чоң мечити Чамлыжа мечити  63 миң кишилик көлөмү менен дүйнөнүн эң чоң 13 -  мечити. Мечит Стамбулдун Үскүдар районунун ичинде Чамлыжа дөңсөөсүндө орун алган. 2013 -   жылы курула баштаган жана  2019 -  жылы 3 -  майда ачылган мечит 57 миң  500 метр квадраттык аянтка ээ.

Чамлыжа мечитинин долбоорун Хайрийе Гүл Тоту менен Бахар Мызрак түзгөн. Аял архитекторлор 63 000 киши ибадат кыла ала тургандай эле аялдардын да ибадат кыла алышы үчүн план түзгөн. Долбоордун акыркы абалы архитектор Хажы Мехмет Гүнер тарабынан даярдалган. Дизайнерлер жер титирөө ыктымалын да ойлонуу менен долбоорду бир табигый апаат учурунда мечиттин ичинде  100 . 000 киши бата тургандай пландаган.

Мечиттин  72 метр бийиктиктеги негизги куполу Стамбулда жашаган 72 улут, диаметри 34 метр болгон куполу  Стамбулду билдирет.

Бүйүк Чамлыжа мечити 5 метрлик кеңдиги, 6,5 метрдик бийиктигинде жана  6 тонналык салмактагы негизги каалгасы менен дүйнөдөгү эң чоң ибадаткана каалгаларынын бирине да ээ. Мечиттин комплексинде музей, 8 өнөр ательеси эана  3 миң  500 унаалык паркы бар. Чамлыжа мечитин ачылган күндөн бери жергиликтүү жана чет элдик миллиондогон киши  бир гана ибадат үчүн эмес туристтик максатта да зыярат кылууда.



Тектеш кабарлар