Ахмет Рифат Билгенин кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-29

2051111
Ахмет Рифат Билгенин кыргыз таанууга кошкон салымы

 

Ардактуу окурмандар «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында Түркиянын алгачкы заманбап педагогу Килисли Ахмет Рифат Билгенин кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Белгилүү түркиялык педагог, түрколог Ахмет Рифат Билге 1874-жылы Түркиянын Килис шаарында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы билимин Килисте алган Рифат, арап, фарс тилдерин үйрөнгөн. Ал 1892-жылы Стамбул шаарына келип, Стамбул университетинде билим алган. Стамбулдагы көптөгөн мектептерде жана окуу жайларда түрк тили, арап тили, фарс тили, география, укук жана тарых предметтеринен сабак берген. Педагогикалык ишмердигинен тышкары арап, фарс тилдеринен түрк тилине көптөгөн китептерди которгон. Ал 1953-жылы Анкара шаарында дүйнөдөн кайткан.

Килисли Рифат Барскоондук Махмуттун “Дивану лугати т-түрк” эмгегинин таш басма усулу менен жарыяланышына себеп болгон. Рифат 1915-1917-жылдары “Дивандын” кол жазмасын үч сыйра окуп, аны иреттеп, алымча-кошумчаларды жасап, бир жарым жылда эмгекти үч том кылып басмага даярдаган. “Дивандын” алгачкы тому жарыялангандан кийин, кол жазманы тапкан Али Эмиринин жеке талаптарын канааттандырып, бийликтегилерге кайрылып жүрүп Эмиринин бюрократиялык маселелерин чечкен. Ошол мезгилде анын жалгыз мүдөөсү “Дивандын” басылып чыгышына, илим дүйнөсүндө таанылышына салым кошуу болгон. “Дивандын” алгачкы басмасы Стамбулда 1915-1917-жылдары жарык көргөн. Ошентип Килисли Рифаттын да аракети менен Барскоондук бабабыздын эмгеги өзүнүн экинчи жашоосун баштаган.

Килисли Рифат кийинчерээк “Дивану лугати т-түрктүн” кантип табылып, кандай машакаттар менен басмадан чыкканын эскерүүлөрүндө жазып калтырган. “Жаңы таң” газетасына жарыяланган бул эскерүүлөр да түркологдор үчүн баалуу булак болуп саналат.

Ахмет Рифаттын “Дивандын” жарыяланышына кандай салым кошкону боюнча белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин “Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги - көөнөргүс булак” аттуу эмгегинде кенен маалымат берген. Чоротегин өз китебинде “Дивандын”  жарыяланышына Рифаттын кошкон салымы боюнча төмөндөгү пикирди билдирген: “...китепкөй Али Эмири менен мугалим Килисли Рифат Билгенин туш келип калгандыгы чоң роль ойноп, өз доорунун ажайып көөхары болгон «Түрк тилдеринин сөз жыйнагынын» кол жазмалык тагдыры ың-жыңсыз өмүр сүрүү коркунучунан кутулуп, илим ааламындагы өчпөс жылдызга айлануу шыбагасына ээ болду.”

Мындан сырткары Муаллим Рифат “Диванды” арап тилинен түрк тилине алгачкылардан болуп которгон. Анын 22 дептерден турган котормосун Түркиянын Билим берүү комиссиясы сатып алган. Стамбул университетинде сакталган бул котормо кийинчерээк Стамбулдан Анкарага алынып келингени менен ар кыл себептерден улам жарыяланган эмес. Рифаттын “Диван” котормосунун жарыяланбай калышында Түркияда алфавиттин алмашып кеткени маанилүү роль ойносо керек.

Килисли Рифат 1916-жылы Түркияда алгачкылардан болуп “Коркут Ата” боюнча китепти жарыялаган. Кошумчулай кетели, “Коркут Ата” дастанындагы көптөгөн окуялар кыргыздардын “Манас” баштаган көптөгөн эпосторунда да камтылган. Буларды салыштырып изилдөө кыргыз таанууга чоң салым кошот деп айта алабыз.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Bilge, Kilisli Muallim Rifat, “Bildiklerim”, Yeni Sabah, 30 Eylül, 4, 7, 11, 14 ve 18 Ekim 1945 sayıları.

Bilge, Kilisli Muallim Rifat, “Divan’ın Başındaki Makale”, Türkiyat Mecmuası, 6(355-360), İstanbul 1939.

Bilge, Kilisli Muallim Rifat, Bir Kitabın Hikayesi Divanü Lugat-it Türk, Ankara 2000.

Yahya Efe, Mehmet. Kilisli Muallim Rif'at Bilge. Ankara: Kilis Yardımlaşma Derneği, 2003.

Чоротегин, Тынчтыкбек. Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги - көөнөргүс булак. Бишкек 2017.

 

 

 



Тектеш кабарлар