Тоолуу Карабахта  акыркы көшөгө

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

2044597
Тоолуу Карабахта  акыркы көшөгө

Азербайжандын асердик күчтөрү Тоолуу Карабах аймагына карай алдыга жылып, бул жердеги армян оккупациясы  үчүн да  акыркы көшөгө ачылган болду. Советтер союзунун тарашынан кийин Армениянын Карабахтагы армян калкы аркылуу аймакты басып алышынан дээрлик 30 жыл өтүп, 2020 - жылдын сентябрь айында 2 – Карабах согушу болду жана  бул жолу армяндар жеңилди.  Азербайжан армиясы антитеррордук операциясын баштап, 2020 -жылы баштаган процессти акырына чыгарды.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

 Карабах окуясы  Советтер союзунун тарашынан кийин башталды. 1988 – жылы  февраль, 1994 -  жылы май айларынын арасында Армениянын Карабахтагы армяндарды коргоо деген негиз менен баштаган согушунун акырында Карабах аймагы оккупацияга алынып жана бул жердеги армяндардын көз карандысыз мамлекет ырастоосу менен жыйынтыкталган. Ал мезгилде Россиянын армяндарга басым жасашы белгилөөчү ролду аткарды. Согуш процессинде азербайжандыктарга карата олуттуу кыргындардын болгонуна карабастан эл аралык коомчулук үн катпоону  тандады. Албетте үн катпоодо армян лоббилеринин таасири чоң. Бирок аймактагы күч тең салмактуулуктар өзгөргөн бир конъюнктурада Азербайжан оккупациядагы жерлерин бошотуу үчүн аракетке өттү.

2020 -  жылдын 27- сентябрындагы Тоолуу Карабах согушу 2 -  Карабах согушу деп аталып, Азербайжандын абсолюттук үстөмдүгү менен аяктады. Албетте, бул жерде Азербайжандын стратегиялык башкы өнөктөшү болгон Түркиянын өсүп келе жаткан аскердик күч катары чыгышынын чоң таасири болду.

Түрк армиясы менен Азербайжан армиясынын ортосундагы тажрыйба бөлүшүү жогорулаган түрк коргоо өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүнүн Азербайжан үчүн колдонулушу да жыйынтыктын ылдам чыгышында таасирдүү болду. 27 -  сентябрда башталган кагылышуулар  44 күнгө созулуп, Азербайжан армиясынын техникалык үстөмдүгү жана машыгуусу, учкучсуз учуучу аппараттарга таянган жаңы түрк аскердик доктринанын аянттагы таасири менен армян күчтөрү кыска убакытта жеңилип, Россиянын ортомчулугунда түзүлгөн келишимге ыраазы болушту. Бул жерде Армениянын ичиндеги күч талашынын жана Пашиняндын Россия менен болгон маселелери да армяндардын алсырашында олуттуу таасир болду.  Акырында Азербайжан армиясы Шуша да болгон Тоолуу Карабахтын бир нече аймагын бошотту. Лачын коридору аркылуу Армения менен Карабахтын байланышын да көзөмөлгө алды.  Армяндардын  тынчтык келишиминин негиздерин орундатпашы, аймактагы куралдуу аракеттери, террордук кыймылдар жана келишимдин бир бөлүгү болгон Зенгезур коридору ачылбагандыктан Азербайжан армиясы кайрадан аракетке өтүп кенен масштабдуу аскердик кыймылды баштатты. 24 саатта бул кыймыл менен аймакта калган армян күчтөрү жеңилүүгө учурады жана Пашиняндын колдоо көрсөтпөшү менен багынууга мажбур болушту.

Азербайжан армиясы Карабахта толук үстөмдүккө ээ болуп, армян куралдуу күчтөрү толугу менен аймактан чыгып жатат. Азербайжан ушундайча  30 жылдан ашуун убакыттан бери оккупациядагы жерлерин бошоткон болду.

Пашиняндын лидерлигиндеги Армениянын алдында 2 жол бар. Түркия жана Азербайжан менен маселелерин столдо макулдашуу жолу менен чечет же аймак өлкөлөрүнө экономикалык жана саясий жактан кошулуп өз үлүшүн алат же болбосо согушууну улантып өлкөсүнө жоготууларды алып келет. Ассиметриялык жактан абдан алсыраган Армениянын биринчи жолду  тандашы туура боло тургандай көрүнүүдө. Бирок Армениянын ичиндеги күч тең салмактуулуктары жана кагылышуу бул саясатка уруксат береби аны алдын ала айтуу оңой эмес.



Тектеш кабарлар