Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-57

2043672
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада дүйнөлүк саясат Нью-Йоркто талкууланды. Түрк республикаларынын лидерлери Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышуу жана көптөгөн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн АКШга барышты. Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган жана Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөштү. Президент Касым Жомарт Токаев сессияда сүйлөгөн өз сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин реформалоо керектигин айтты.

Түрк Республикаларынын президенттеринин АКШга иш сапарынын күн тартибиндеги негизги тема экономика болду. Президенттер эл аралык компаниялардын, эл аралык банктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Президент Мирзиёев менен жолугушуудан кийин АКШнын “Air Products” компаниясынын Өзбекстанга 10 миллиард доллар инвестиция сала турганы белгилүү болду. Кээ бир президенттер америкалык компанияларды кыдырышты.

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрь күнү Нью-Йоркто Борбор Азия-АКШ мамлекет башчыларынын биринчи саммити болуп өттү. Саммитке АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери катышты. Саммитте Борбор Азия республикаларына тиешелүү маселелер талкууланды. Борбор Азия республикаларынын дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү менен С5+1 форматындагы кызматташтыгы, эми мамлекет башчыларынын саммиттери деңгээлине чыкты. Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрь күнү Берлинде өтө турган Борбор Азия-Германия саммитине катышат.

21-сентябрь күнү Нью-Йорктогу “Түрк” үйүндө Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Жолугушууда ноябрь айында Казакстанда өтө турган Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммитине карата даярдыктардын жүрүшү талкууланды.

19-сентябрда Сеулда Борбордук Азия-Түштүк Корея парламенттеринин төрагаларынын 1-жыйыны болуп өттү. Жыйынга аталган өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлери катышты. Жыйындын соңунда биргелешкен декларация кабыл алынды. Парламент төрагаларынын экинчи жыйыны 2024-жылы Түркмөнстанда өтөт. Ал арада Түштүк Кореянын Президенти Юн Сук Ёл Нью-Йоркто Борбор Азия республикаларынын бардык президенттери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

21-сентябрь күнү Бишкекте Түрк тилдүү элдердин 1-эл аралык тил форуму болуп өттү. Форумга ТҮРКСОЙдун, Эл аралык Түрк академиясынын, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун башкы катчылары жана түрк республикаларынан өкүлдөр катышты. Кошумчулай кетели, Кыргызстанда 23-сентябрь “Кыргыз тили күнү” катары белгиленет.

 Карабахта чыңалуунун күчөшүнөн улам Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Нью-Йоркко барган жок. Азербайжандын Карабахта 19-сентябрда баштаган Антитеррордук операциясынын натыйжасында Карабахтагы куралдуу согушчандар куралдарын таштады. Карабахтагы армяндардын интеграциясына байланыштуу Евлахта сүйлөшүүлөр башталды. Евробиримдиктин окуяларга байланыштуу Азербайжанга каршы декларациясына Венгрия вето койду.

Окуялардан да көрүнүп тургандай, өткөн апта Түрк республикаларынын президенттери үчүн жолугушууларга бай жума болду. Азербайжан тарабынан Карабахта жүзөгө ашырылган Антитеррордук операциясы аймакта туруктуу тынчтыктын камсыздалышына шарт түзөт.

 

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар