Элазыгдын Гевен балы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-53

2036439
Элазыгдын Гевен балы

ЭЛАЗЫГДЫН ГЕВЕН БАЛЫ

Катталган күнү: 21.09.2022

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан Элазыг шаары тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрүнөн тышкары «гевен» башкача айтканда «астрагал» аттуу өсүмдүктүн экстрактынан турган «Гевен балы» менен белгилүү. «Гевен балы» Элазыгдын аарычылык бирикмесинин кайрылуусу боюнча 2022-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө киргизилген. Элазыгда өскөн гевен өсүмдүгү тикенектүү жана көбүнчө топ-топ болуп турат. Өсүмдүктүн гүлдөө мезгили май-июнь айларында, ал эми бийик тоолуу аймактарда августта болот. Элазыгдагы бал челектерде кыштаган аарылар, бул айларда бал өндүрүүчүлөр тарабынан жаратылышка чыгарылып, гевен гүлүнүн терең жерлеринде сакталган нектарды чогултуу камсыздалат. Бал челектерде пайда болгон бал уюктары сентябрь-октябрь айларында чогултулат жана керектелет. Элазыгдын Гевен балынын өзгөчөлүгү тунук көрүнүштөгү сары түстө болушу. Гевен өсүмдүгүнүн жыты жана тамакты күйгүзбөгөн таттуу даамы бар. Элазыгдын «Гевен балы», ашказан жана ичеги оорулары, өзгөчө жарасы барлар үчүн табигый шыпаа булагы.



Тектеш кабарлар