Пригожиндин  өлтүрүлүшү жана ыктымалдуу жыйынтыктары

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

2032097
Пригожиндин  өлтүрүлүшү жана ыктымалдуу жыйынтыктары

  Россия чек арадагы аскердик операцияларда колдонгон Вагнер жалданма аскердик күчү Украинадагы фронттон чегинип Россиянын ичинде Москвага  карай багыт алып козголоң баштаган. Орус армиясы абалдын алдында айласыз,  Путин да  чоң каршы чыгуу менен бетме  - бет келди. Акырында Вагнер Москвага 200 километр калганда Беларустун президенти Александр Лукашенконун кийлигишүүсү менен  келишим түзүп токтоду жана артка чегинди. Вагнер козголоңунан эки айдан кийин топтун лидерин ташыган учак Россияда кырсыкка учурады же учуратылды.  Вагнер досьеси  жабылдыбы же  күч күрөшү улантылабы?

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

2 ай мурда Москвага чейин келген Вагнер козголоңу  саясий сүйлөшүүлөр менен токтотулуп,  Путин эс алды. Бирок бул досьенин жабылбагандыгын баары билет жана акырында бир нече орус эксперт алдын ала айткандай Вагнер лидеринин каза болгондугу тууралуу кабарлар келди. Орус маалымат агенттиги ТАСС берген кабарда ичинде Евгений Пригожин да болгон Вагнерге таандык бир учактын кырсыкка учурагандыгын жарыялады. Бирок дароо Вагнерге таандык учактын кырсыкка учуратылышы  тууралуу шектенүүлөр да келди.  Негизинен келген видеолордо учактын «трагедиялуу кырсыкка учурашы, абада кыйроосу жана уранды түшкөн аянттын көлөмү» жарылуунун болгондугун ортого салууда.

Учууга көз салуу маалыматтары да Евгений  Пригожин менен байланыштуу экендиги айтылган "Embraer Legacy 600 (RA-02795)" үлгүсүндөгү менчик учактын 23 -  август шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөн мурда борбор шаар Москвадан Санкт Петербургга баруу  үчүн учкандыгы бирок  8 минутадан кийин абада күйүп, жерге түшө баштагандыгын тастыктайт.  Орус авиация жетекчилери Россияда кырсыкка учураган  учактын  жүргүнчү тизмесинде Вагнердин лидери Евгений Пригожин менен бирге тогуз кишинин бар экендигин айтышууда. Булардын арасында жалданма аскер тобуна атын бергендиги ойлонулган Дмитрий Уткин жана топтун каржыланышында  маанилүү роль ойногон  Валерий  Чекалов да  болгон.

Кремль  Путин же орус аскердик жетекчилердин учактын кырсыкка учурашы менен байланышы бар деген  айыптоолорду четке кагып, Путин да  көңүл айткан видео жарыялады.  24 -  июнь күнү Вагнерге караштуу жалданма аскерлердин Украинадагы фронттон чыгып Россиянын ичине кириши, Ростов сыяктуу шаарларды колго алып Москвага карай алдыга жыла башташы дүйнөнү таң калтыргандай эле Путин да таң калтырды.

Россия өзү камсыздап, булчуң күчү катары колдонгон Вагнер бул жолу Россиянын кызыкчылыгы үчүн эмес түздөн түз өзүнө карата коркунучка айланды.

Вагнердин тайманбастык менен Москваны түздөн - түз бутага алуусу элитанын ортосундагы бийлик талашынын бир көрүнүшү болсо керек. Россияны жакындан изилдеген эксперттер  Россиянын Коргоо министрлиги менен Пригожин башында турган Вагнердин ортосунда олуттуу көйгөйлөрдүн бар экендигин билишчү. Өзгөчө Пригожиндин акыркы күндөрдө абдан катуу билдирүүлөрдү жасап Коргоо министри Шойгу менен Башкы штабдын төрагасы Герасимовду кыянаттык менен айыптап, Украина согушун начар башкаргандарын баса белгилеп жаткан.

Эми Вагнердин жогорку даражалуу  лидерин жок кылуу менен Россия ичиндеги күч күрөшүн Путин жана аны менен бирге кыймыл кылгандар жеңишке жетишти десек болот. Путин да кайрадан кадыр  - баркына жетишкен болду. Бирок Вагнердин мындан кийинки келечеги, Украина согушунда колдонулуп же колдонулбай тургандыгы, Африка жана Сирия операцияларынын эмне болору белгисиз. Орус армия жана чалгындоо элементтеринин Вагнерди  көзөмөлгө алып, колдонууну каалагандары белгилүү бирок бул мүмкүнбү убакыт көрсөтөт.



Тектеш кабарлар