Хайреттин Ивгиндин кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-26

2029692
Хайреттин Ивгиндин кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында түркиялык фольклорчу Хайреттин Ивгиндин кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

 Хайреттин Ивгин 1943-жылы Түркиянын Самсун облусунун Везир Көпрү районунда жарык дүйнөгө келген. Ивгин 1966-жылы Гази педагогикалык институтун ийгиликтүү аяктаган. Ал педагог катары мектептерде, жогорку окуу жайларында сабак берген. Түркиянын Билим берүү министрлигинде бөлүм башчы кызматын аркалаган. Мындан сырткары Ивгин ТРТда ар кыл программаларды даярдаган.

Хайреттин Ивгин Түркияда «Манас» эпосунун таанытылышына жана изилденишине чоң салым кошкон. Ивгин «Манас» эпосу боюнча уюшутурулган иш-чараларга байма-бай катышып турат. Ал эл аралык илимий симпозиумдарда «Манас» эпосу боюнча докладдарды окуган. Ивгиндин «Манас» эпосу боюнча макалалары жана китеби көптөгөн тилдерде жарыяланган.

«Манас» эпосу бoюнча алгачкы библиoграфиялык изилдѳѳ 1987-жылы Хайрeттин Ивгин тарабынан даярдалып басылган. Ивгин бул макаласын 3 жылдан кийин айрым тoлуктooлoр мeнeн кайрадан жарыялаган. Ивгин алгачкылардан болуп «Манас» эпосу боюнча библиографияларды түрк тилинде жарыялап, эпостун Түркияда таанытылышына албан салым кошкон. Түрк окурмандары Ивгиндин эмгектеринен «Манас» эпосунун Кытайдагы кыргыздарга тиешелүү варианты боюнча маалымат алышкан.

Ивгин «Манас» эпосун кара сөз тилинде жазып, 2005-жылы «Манас – Алтай тоолорунун жолборсу» деген ат менен жарыялаган. Бул романы үчүн Ивгинге 2009-жылы Москвада «А.С. Пушкин» адабият сыйлыгы ыйгарылган. Роман 2016 жана 2017-жылдары кайрадан басылып чыккан. 2018-жылы Ивгиндин бул эмгеги боюнча Кадрийе Акынжы «Хайреттин Ивгиндин Манас романында кыргыз фольклору» аттуу магистрдик диссертациясын жактаган. Акынжынын бул диссертациясы 2021-жылы китеп болуп басылган.

2021-жылдын март айында Ивгиндин «Манас – Алтай тоолорунун жолборсу»  китебинин кыргызчасынын бет ачары «Манас» жана «Чыңгыз Айтматов» улуттук академиясы, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана «Касым Тыныстанов» атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн. Белгилей кетчү жагдай, Ивгиндин бул романы өзбек жана азербайжан тилдерине да которулган.

 Хайреттин Ивгиндин Манас танууга кошкон салымы жогору бааланып, ал боюнча маалыматтар 1995-жылы Бишкекте даярдалган «Манас» энциклопедиясына атайын чакан макала катары киргизилген. Ошондой эле Ивгин Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору наамына татыган.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Akinci, Kadriye, Hayrettin İvgin’in Manas Romanında Kırgız Folkloru, YL Tezi, Tez Danışmanı: Doç. Dr. Kenan Koç, Muğla Sıtkı Koçman Üniversitesi Sosyal Bilimler Enstitüsü Çağdaş Türk Lehçeleri ve Edebiyatları ABD, Muğla, 2018, 162 s. YÖK No. 533417.

Akinci, Kadriye, Hayrettin İvgin’in Manas Romanında Kırgız Folkloru, Kültür Ajans Yayınları, İstanbul 2021, 184 s.

İvgin, Hayrettin, “Çin’de Manas Destanı Üzerine Çalışmalar”, Üçüncü Yeni Dergisi, 40-41-42, Kastamonu, Nisan-Mayıs-Haziran, 1988. s. 20-21.

İvgin, Hayrettin, “Manas Destanı 1000 Yaşında”, Anayurttan Atayurda Türk Dünyası Manas 1000 Özel Sayı, Hagem-Türksoy, 3(9), Ağustos, 1995. s. 81-88.

İvgin, Hayrettin, “Manas Destanı Üzerine Türkiye’de ve Çin Halk Cumhuriyeti’nde Yapılan Çalışmalar”, Türk Kültürü, 25(295), Ankara Kasım, 1987. s. 36-45 (680-689).

İvgin, Hayrettin, “Manas Destanı Üzerine Türkiye’de ve Çin Halk Cumhuriyeti’nde Yapılan Çalışmalar”, III. Uluslararası Türk Halk Edebiyatı Semineri Bildirileri, (7-9 Mayıs 1987), Eskişehir: Yunus Emre Kültür-Sanat ve Turizm Vakfı Yay., 1989. s. 185-192.

İvgin, Hayrettin, “Manas Destanı’nın 1000. Yılı”, Size Dergisi, 11(198), İstanbul, Nisan, 1990. s. 8.

İvgin, Hayrettin, “Manas Destanı”, Erciyes Dergisi, 10(112), Nisan, 1987. s. 10-12.

İvgin, Hayrettin, “Manas Destanını Türkiye’de Ne Kadar Tanıyoruz?”, Türk Lehçeleri ve Edebiyatı Dergisi Manas Özel Sayısı, 3, 1995. s. 18-24.

İvgin, Hayrettin, “Türkiye’de Manas İle İlgili Yapılan Çalışmalar”, İçel Kültür Dergisi, 12, Eylül, 1990. s. 53-57.

İvgin, Hayrettin, “Uygur Özerk Bölgesi İle Manas Destanı ve Divân-ı Lügati’t-Türk”, Size Dergisi, 8(161), İstanbul, Mart, 1987. s. 9-10.

İvgin, Hayrettin, Altay Dağlarının Kaplanı-Manas, Ankara: Yurt Kitap Yay., 2005. 272 s.

İvgin, Hayrettin, Manas Altay Dağlarının Kaplanı, Ankara: Kültür Ajans Yay., 2016, 356 s.

İvgin, Hayrettin, Manas Altay Dağlarının Kaplanı, Ankara: Türksoy Yay., 2017.

Дүйшөнбаев, Папан, Үсөнбаева, Ширин. Эр Кошойдун акылмандыгынын Х. Ивгиндин эмгегинде чагылдырылышы// Эпос. 9(1). Бишкек 2022.

Ивгин Хайреттин. Манас ‒ Алтай тоолорунун арстаны-(Мифологиялык эпосроман). Которгон; Бакытбек Жунусалиев. А.: ТИКА, 2020. ‒ 360-б.

Ивгин Хайреттин// “Манас” энциклопедиясы. 1-том. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек 1995.

Чилтегин Б. Бокмурунчулуктун улуттук комплекси жана кесепеттери. (Хайреттин Ивгиндин “Манас ‒ Алтай тоолорунун арстаны” деген романынын негизинде)// “Майдан” ‒10.03. 2021. №9 (493).

 

 



Тектеш кабарлар