Түркиянын жаңы мезгилде Сирия саясаты

Апталык анализ-49

2020475
Түркиянын жаңы мезгилде Сирия саясаты
erdoğan.jpg
yeni-kabine.jpg
suriye konulu gorusmeler.jpg
suriye-aa-2062330_1.jpg

Түркиянын жаңы мезгилде Сирия саясаты

Түркиядагы критикалык шайлоолордон кийин президент Эрдоган кайрадан президент болуп шайланды жана ошондой эле Элдик альянс парламенттик көпчүлүктү жеңе алды. Анда бул жыйынтыктар Түркиянын Сирия саясаты үчүн эмнени билдирет? Эрдоган жана анын жаңы кабинетинин мүмкүн болгон Сирия саясаты Асад режими менен сүйлөшүүлөр, терроризмге каршы күрөш жана качкындар маселеси контекстинде кандайча түзүлөт?

 

Бул тема боюнча SETA / Тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун баамдоолорун сунуштайбыз...

 

Түркия калкы14 жана 28-май күндөрү биринин артынан бири болгон шайлоолорго барып, өлкөнүн саясий тагдыры чечилген бул шайлоолордо Режеп Таййип Эрдоган жетектеген Элдик альянс парламенттик көпчүлүктү да, Президенттикти да жеңип алды. Ошентип Түркияны дагы беш жыл Эрдоган башкарат. Эрдоган «Түрк кылымы» деп мүнөздөгөн бул жаңы доордун Түркия үчүн да, аймактык жана глобалдык саясат үчүн да натыйжалары болот. Чындыгында Түркия азыр аймактык күч болуу менен чектелбестен, глобалдык актер болууга аракет кылган өлкө. Бирок бул макалада шайлоонун жыйынтыктарын Сирия менен гана чектеп, Эрдогандын жаңы доорунун Сирия саясатына тийгизген таасирин талкуулайбыз.

Жаңы мезгилде Түркиянын азыркы тышкы саясаты, өзгөчө Сирия боюнча Эрдогандын саясий жетекчилиги астында кандайча калыптанаарын түшүндүрүп бере турган жаңы министрлер кабинетин иликтеп чыгуу мүмкүн болчу жана ошондой болду. Бул жерде Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) төрагасы Хакан Фидандын тышкы иштер министри болуп дайындалышы алдыңкы планга чыгууда. Хакан Фидан көп жылдардан бери MITтин төрагасы болуп, мекемени техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана талаа иштери жагынан олуттуу түрдө өнүктүргөн, Түркиянын өзгөчө Ирак, Сирия жана Ливия сыяктуу жаңжал аймактарында бардык аскердик, чалгындоо жана саясий иш-чараларында, өзгөчө үн каткан ысым катары биздин алдыбызда турат. Бул жагынан алганда, анын эми тышкы саясатты түздөн-түз жетектей турганы Түркия үчүн Ирак жана Сирия саясатынын алкагындагы ырааттуулуктун көрсөткүчү болот. Ушундай эле профилде мурдагы башкы штабдын башчысы, жаңы улуттук коргоо министри Яшар Гүлер да бар. Ал Түркиянын Ирак жана Сириядагы чек арадагы аскерий операцияларына саясий жактан колдоо көрсөткөн жана бул операцияларды жеринде жетектеген ысымдардын бири. Яшар Гүлер Эрдогандын жаңы кабинетинде Коргоо министри болду, бул азыркы аскердик операциялардын улантыларын билдирет. Ал эми Эрдогандын басма сөз катчысы жана иш жүзүндө Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи болуп иштеген Ибрахим Калын эми Фидандын ордуна MITдин башчысы болуп дайындалды. Үч ысым тең Эрдоган жана бири-бирине шайкеш келген жана учурдагы активдүү саясатты колдогон ысымдар катары тиешелүү тышкы саясаттагы ырааттуулукту көрсөтүп турат. Ошондуктан Түркиянын Сирия контекстиндеги негизги саясатынын өзгөрбөй турганын алдын ала көрө алабыз.

Жаңы министрлер кабинетинин алдында Сирия контекстиндеги кыйынчылыктар өзгөрүүсүз калууда. ПККнын Сириядагы уландысы болгон ПЙД/ЙПГнын Сириянын түндүк-чыгышында, өзгөчө Евфрат дарыясынын чыгышында курууга аракет кылган террор мамлекети Түркиянын улуттук коопсуздугуна биринчи кезекте коркунуч жаратууда. Түркия чек арадагы аскердик операциялары менен уюмга олуттуу сокку урганына карабастан, уюм АКШнын колдоосу астында күчтөнүү менен жашоосун улантууда. Өлкөдөгү жаратылыш байлыктарынан киреше табууга аракет кылып, өзүн идеологиялык жактан үйрөтүүгө аракет кылат. Бирок Түркия үчүн бир гана маселе террордук уюм эмес.

 

1. Террор менен күрөшүү, АКШнын колдоосу астында ПКК/ЙПГнын аймакта курууга аракет кылып жаткан террор мамлекетинин толугу менен жок кылынышы.

2. Сириянын аймактык бүтүндүгүн коргой турган саясий чечим, оппозицияны саясий системага интеграциялоо жана Асад режимин демократиялаштыруу жана реформаларды жасоо.

3. Сириянын курулуш иштери менен бирге коопсуздук жана ырааттуулукка жетишүүсү жана качкындардын өз өлкөлөрүнө кайтуулары.

Түркия Сирия саясатын террор менен күрөшүүдө гана эмес, жогоруда айтылган бардык тиешелүү беренелердин алкагында калыптандырууну улантат. Учурда Орусиянын гаранты болгон Режим менен жүргүзүлүп жаткан саясий сүйлөшүүлөр жыйынтык береби же жокпу чечүүчү болот. Ушул тапта абдан кыйын көрүнгөн бул жерде жарым-жартылай жеңилдиктер менен орток тил табыша алса, Түркия саясий сүйлөшүүлөр аркылуу каалаганына жете алат. Бирок, антпесе, аскердик операцияларды улантууга туура келет. Муну жасап жатканда АКШ-Орусия-Иран ортосундагы кагылышуу жана күрөштөн пайдаланып, өзүнүн улуттук коопсуздугун орнотууга аракет кылат.

 

 



Тектеш кабарлар