НАТОнун Вильнюс саммити

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору профессор доктор Мурат Йешилташтын пикири.

2013086
НАТОнун Вильнюс саммити

НАТОнун Вильнюс саммити акыркы он жылдын эң маанилүү саммиттеринин бири. Саммиттин негизги темаларынын арасында Швециянын НАТОго мүчөлүк маселеси, Регионалдык коргонуу, Коопсуздук планы, НАТОнун аскердик түзүмү, Украинанын мүчөлүгү жана коопсуздук кепилдиктери, коргонуу чыгымдары орун алды. Европа коопсуздук жана коргонуу архитектурасы деп атаган маселе бул саммиттен кийин гана структуралык түрдө түзүлүшү мүмкүн.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору профессор доктор Мурат Йешилташтын пикири.

Швеция тууралуу  нааразычылыктар улантылууда. Венгрия үчүн тоскоолдукту ашып өтүүгө болот бирок дүйшөмбү күнү болгон үч тараптуу жыйындан кийин Түркиянын каршы чыгуусун токтоткондугу белгилүү. Бирок мүчөлүк үчүн басып өтүүсү керек болгон жол бар. Азырынча саммитте эч ким Швецияга кош келдиң дебейт. Анткени  каршы чыгуу токтотулса да процесс улантылат.

НАТОнун жаңы күч түзүмү, альянстын географиялык коргонуу классификациясы, кризис учурунда тоскоол болуу, коргонуу жана керек болсо жаңы командалык башкаруу жана коргонуу/кийлигишүү  күчтөрүнүн саны эң орчундуу маселелердин арасында. Планды америкалык командир Кристофер Каволи жетектеген топ даярдаган. Кансыз согуштан кийинки эң комплекстүү жер бийлигинин реструктуризациясы. Бул түзүлүш абада, деңизде жана кибер мейкиндикте да кайра түзүлөт. Жаңы план ишке киргенде, НАТОнун Кансыз согуштан кийинки эң маанилүү трансформациясы ишке ашат жана Россияга абдан күчтүү билдирүү берилген болот.

Бирок, планга кол коюлган күндө да, мүчө мамлекеттердин алдыда дагы көп жолу бар. Айрыкча кээ бир мүчөлөр аскердик түзүмдөрүн реформалап, согушка даяр болушу керек. Германия бул жагынан эң орчундуу өлкөлөрдүн бири. Тарыхта эң көп жарыяланган жана биринчи болгон Германиянын Улуттук коопсуздук Стратегиясы документи Германияны кайрадан Европа жана дүйнөлүк саясатта маанилүү бир оюнчу кылууну көздөйт. Бирок немис армиясын модернизациялоо жана коргонуу чыгымдарын көбөйтүү Германиянын алдындагы эң маанилүү процесс.

Саммитте Украинага карата коопсуздук кепилдиктери тууралуу НАТО ичинде бир чечүүчү жолго жетүү мүмкүн эмес. Британиянын жана Европанын биргелешкен программасы азырынча мыкты вариант катары көрүнүүдө. Украинага карата аскердик жардам маселеси болсо эң орчундуу маселе бирок бул маселени НАТОдо карап чыгуу мүмкүн эмес. Анткени биргелешкен бир алкак түзүү кыйын. Бирок ок – дары жактан кыйналган Украина армиясына чукул жардам берилбесе Россия кайрадан артыкчылыкка  ээ боло алат. Кассеталык бомбалардын  жиберилиши азырынча табылган жолдордун бири. Бирок бомбанын өзгөчөлүгүн эске алсак, бул маселе жакынкы күндөрү көп талкууга алынары анык.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүү эң татаал маселелердин бири. 2% орчундуу босогодон өтпөй калгандар үчүн дагы эки жылдан кем эмес убакыт бар. Европанын жаңы бюджет түзүшү керектиги талкууланган формулалардын арасында. Бирок бул маселе боюнча консенсус жок. Германия, Франция сыяктуу Европанын күчтүү мамлекеттеринин бул пайыздан жаңы эле ашышы НАТО үчүн көйгөй жаратууда. Анткени Германия бүгүнкү күнгө чейин армияга  караганда экономикасына көбүрөөк инвестиция салган. Ал эми Франция башка көптөгөн көйгөйлөр менен күрөшүүгө мажбур.

 Бул саммит көп жагынан НАТОнун эң маанилүү жыйыны.  Кытайга кандай мамиле кылуу керек, Россиянын абалы, Украинанын мүчөлүк күтүүсү оңой менен чечиле турган маселе эмес. Кандай болгон күндө да НАТО ар тараптуу трансформациядан өтүп жатат жана бул трансформация дүйнөлүк саясатка таасирин тийгизүү потенциалына ээ.  

 

 



Тектеш кабарлар