Борбор Азия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-45

2008060
Борбор Азия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
Orta Asya Avrupa Birliği Jozep Borel.jpg
Orta Asya Cumhurbaşkanları Kırgızistan Etno-Kültür Merkezinde 4.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасынын бул чыгарылышында Борбор Азия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 20-23-июнь күндөрү Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер расмий иш сапары менен Казакстанда жана Кыргызстанда болду. Германиянын президентин Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров расмий азем менен тосуп алышты. Президенттердин жолугушуусунда Германиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилеси, Кыргызстандын жана Казакстандын Евробиримдик менен алакасы талкууланды. Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин аймакка жасаган иш сапары Евробиримдиктин Борбор Азияга кызыгуусунун конкреттүү көрсөткүчү болуп саналат. Май айынын башында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Германияга барган эле.

22-июнь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Бакуга расмий иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Алихан Смайыловду кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалына болгон канааттануу билдирилди. Ошол эле күнү премьер-министр Смайылов Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 10 келишимге кол коюлду.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев 26-27-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Казакстанда болду. Астанада Жогорку Кеңештин Төрагасы Шакиев Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Ерлан Кошанов жана парламенттин жогорку палатасы Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев менен өз-өзүнчө жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге тиешелүү маселелер талкууланды.

29-июнь күнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Люксембург Улуу Герцогдугунун Тышкы иштер министри Жан Ассельборнду кабыл алды. Жолугушууда Казакстан менен Люксембургдун эки тараптуу карым-катнаштары жана Казакстандын Европа Биримдиги менен мамилеси талкууланды. Иш сапардын алкагында Казакстан менен Люксембургдун ортосунда эки меморандумга кол коюлду.

Ошол эле күнү Казакстандын парламенти Нурсултан Назарбаевди анын атын алып жүргөн университеттин, мектептин жана фонддун башкаруучулар кеңешинин курамынан чыгарган мыйзамды кабыл алды.

 26-июнь күнү Монголиянын премьер-министри Оюн-Эрдэнэ Лувсаннамсрайн Кытай Эл Республикасына расмий иш сапары менен барды. Монголиянын премьер-министри 28-июнь күнү Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цян менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда эки өлкө ортосунда 5 келишимге кол коюлду. Премьер-министр Оюн-Эрдэнэ Лувсаннамсрайн иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк экономикалык форумга катышты.

29-30-июнь күндөрү Улан-Батор шаарында тышкы иштер министри болгон аялдардын биринчи жолугушуусу болуп өттү. Бул жыйынга тышкы иштер министри кызматын аркалап жаткан аял-министрлер жана эл аралык жана аймактык уюмдардын, өзгөчө БУУнун аял-өкүлдөрү катышты. Жыйындын ачылышына Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх катышты. Жолугушууга катышкан меймандарды Монголиянын Парламентинин спикери Гомбожав Занданшатар кабыл алды. Эки күнгө созулган жолугушууда гендердик теңчилик жана адам укуктары маселелери талкууланды.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Борбор Азия өлкөлөрүндө маанилүү эл аралык жолугушуулар уланууда. Жасалган иш сапарлардан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер да бекемделип жатканын көрүүгө болот.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар