Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу Түркиянын позициясы

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

2005773
Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу Түркиянын позициясы

Россиянын Украинаны басып алуу аракетинен кийин НАТОго мүчө болбогон жана тарыхый жактан тарапсыздыгын сактаган Балтика өлкөлөрү чоң коркунучка туш келди. Россияга географиялык жактан  жакын болгондуктан Финляндия менен Швеция НАТОго кайрылып, ылдамдатылган мүчөлүк процессин талап кылышты. Түркиянын кооптонуусун жок кылган Финляндия мүчө болсо Түркия Швециядан  1 -  июндан тарта  күчүнө кирген Террор менен күрөшүү мыйзамынын ишке ашырылышы тууралуу так кадамдардын ташталышын күтүп жатат. Швециянын  мүчөлүгүнө карабастан Түркия эл аралык платформаларда болгондой НАТО ичинде да эл аралык террор менен күрөшүүнүн орток максаттарынын бирине айландырууну улантууда.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

2000 – жылдардан бери Европа менен Россиянын ортосундагы саясий жана экономикалык кагылышуунун аянты болгон Украина батышка жакындагандыктан кыйын бир абалда калды. Россия согуштан мурда НАТОнун кеңейиүүсүн токтотушун жана Украинанын бул союздаштыкка кошулбай тургандыгын кепилдикке алууну шарт койгон. Украинанын улуттук эгемендигине шек келтире турган орус талаптарынын  максаты чечүүчү жол табуу эмес, Россиянын басып алуусуна негиз даярдоо эле. Ошондуктан НАТОго мүчө болбогон Финляндия менен Швеция сыяктуу  өлкөлөр ушуга окшогон коркутуу менен беттешпеш үчүн мүчөлүк үчүн кайрылуу жасашты.

Россиянын Украинаны оңой эле басып алуу жана аннексиялоо пландары бир канча башка себептер менен ийгиликсиз болду. 2014  - жылы Крымды аннексиялагандан бери кайрадан куруу процессине кирген Украина армиясы  2022 -  жылы абдан күчтүү эле. Американын чалгындоосу басып алууну мурунтадан кабар берип, Россиянын күтүлбөгөн жерден басып алуусуна тоскоол болду.  Киевден чыгып, өлкөдөн чыгып кетүүнү четке каккан Зеленскийдин лидерлиги да орчундуу роль ойноду. Орус армиясынын даярдыксыз жана таасирсиз болушу да Россия үчүн ылдам ийгиликке жетүүсүнө тоскоол болду. Ушул боюнча Балтика өлкөлөрү  Россиянын аскердик жактан күчтүү эмес экендигин көрүштү бирок оккупациянын алгачкы  айларында Россиянын согушту Чыгыш Европа жана Прибалтика өлкөлөрүнө жайылат деген санааркоолору эң жогорку деңгээлге чыкты.

Украина согушунун контекстинде Финляндия менен Швециянын коопсуздук концепцияларын өзгөртүшү жана бейтарап позициясынан баш тартышы бардык жагынан тарыхый мааниге ээ. Бирок Түркия көптөн бери НАТОнун көптөгөн өлкөлөрүнүн ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга түз жана кыйыр түрдө колдоо көрсөтүүсүнөн  ыңгайсыз экендигин билдирүүдө. НАТОнун өткөн саммиттеринде  бул маселени Сириянын алкагында жана эл аралык террор менен күрөшүүнүн алканыда бир нече жолу күн тартибине алып келген Түркия өзгөчө АКШ жана айрым союздаштардын ЙПГга карата колдоолорун чектөө жана акырына чыгаруу үчүн колунан келгенди аткарууда. Түркия Финляндия жана Швеция кол койгон үчтүк келишимдин негиздерин ылдам түрдө орундаткан Финляндияга салыштырмалуу акырындык менен кыймыл кылган Швецияга карата башка позицияда.

Президент Эрдогандын акыркы билдирүүлөрү Түркиянын июль айындагы Вильнюс саммитинен мурда бул темада ылдам кадам таштоо тууралуу шашылбай тургандыгын белгилеп жатат.

Түркия өткөн күндөрдө Грузиянын керек болсо Украинанын мүчөлүктөрүнө каршы чыкпаган өлкө катары НАТОнун кеңейүү боюнча ачык каалга саясатын колдоодо.

НАТОнун кеңейүүсүнүн стратегиялык мааниге ээ болоорун түшүнгөн, бирок аймактык кагылышуулардан да тынчсызданган Түркия, демократиялык баалуулуктарды коргоо үчүн башка өлкөлөрдүн улуттук коопсуздук маселелерин көз жаздымда калтырган Швеция сыяктуу өлкөлөрдүн мамилесине каршы чыгууда. Бул мамиленин Швецияга эле эмес экендиги жана АКШ, Германия менен Франция сыяктуу өлкөлөрдүн да Түркиянын террор тууралуу тынчсызданууларына көңүл бурбагандыгы белгилүү. НАТОнун глобалдык деңгээлде жаңыланууга аракет кылган бир чөйрөдө Түркиянын террорду негизги күн тартибине киргизүүгө аракет кылышы   мыйзамдуу жана акылга сыярлык саясат. Бирок Швециянын бул маселеде сезимталдыгы НАТОнун күтүлүп жаткан кеңейүү процессине таасирин тийгизди. Натыйжада НАТОнун Швецияны мүчөлүккө кабыл алышы Түркиянын макулдугу менен гана мүмкүн болот.

 



Тектеш кабарлар