Борбор Азия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-42

2000355
Борбор Азия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
Kırgızistan Cumhurbaşkanı Sadır Caparov TDT Zirve Ankara 12.jpg
Helga Schmid - AGİT Genel Sekreteri.jpg

 

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Борбор Азия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Борбор Азия республикаларында маанилүү жыйындар жана сапарлар болду. Эми аларга кезеги менен көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 5-8-июнь күнү Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Хельга Мария Шмид Кыргызстан жана Казакстан республикаларында иш сапары менен болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 5-июнь күнү Хельга Шмидди кабыл алды. Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев болсо 7-июнь күнү Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун башкы катчысын кабыл алды. Жолугушууларда уюмдун Борбор Азия республикалары менен алакасы, аймактык коопсуздук, жашыл экономика сыяктуу маселелер талкууланды.

Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани 5-9-июнь күндөрү Борбор Азия республикаларында иш сапары менен болду. Катар Эмиринин Өзбекстан менен Кыргызстанга болгон сапары мамлекеттик иш сапар деп жарыяланды. Катардын Эмирин аэропорттон Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын президенттери өздөрү тосуп алышты. Жолугушуулардан кийин Өзбекстан менен Катардын ортосунда 15, Кыргызстан менен Катардын ортосунда 13 келишимге кол коюлду. Катардын Түрк Республикалары менен болгон карым-катнаштарын жаңы деңгээлге көтөрүшүндө Түркия-Катар стратегиялык мамилесинин чоң таасири бар.

8-9-июнь күндөрү Казакстандын борборунда Эл аралык Астана форуму болуп өттү. Салтка айланган Астана форумуна 1000ден ашуун чет өлкөлүк өкүл катышты. “Диалог аркылуу чакырыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресске жол” деп аталган форумга Катардын Эмири, Кыргызстандын президенти, Өзбекстандын премьер-министри, Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын башкы катчылары катышты. Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев форумда сүйлөгөн өз сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин реформалоо керектигин айтып өттү. Президент Токаев форумдун алкагында Астанада жогорку даражалуу коноктор менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Эл аралык Астана форуму поляризацияланган дүйнөдө Казакстандын тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүп жаткандыгынын айкын далили болуп саналат.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев 7-9-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Италияда болду. Шавкат Мирзиёев Римде Италиянын президенти Сержио Маттарелла жана премьер-министр Жорджия Мелони менен жолугушту. Андан соң Өзбекстандын Президенти Миланга барды. Президент Мирзиёев Миланда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушту. Иш сапардын алкагында уюштурулган Италия-Өзбекстан бизнес форумунда жалпы суммасы 9 миллиард евролук келишимдерге кол коюлду.

8-9-июнь күндөрү Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Түркмөнстанда эки күндүк расмий иш сапары менен болду. Виктор Орбан Ашхабад шаарында “Халк маслахатинин” төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, президент Сердар Бердымухамедов менен өз-өзүнчө жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкөнүн ортосунда 8 келишимге кол коюлду.

8-июнь күнү Пакистандын премьер-министри Мухаммед Шахбаз Шариф Түркмөнгаздын жетекчиси Максат Бабаевди кабыл алды. Жыйындын соңунда ТАПИ долбоорун тездетүү максатында эки өлкөнүн биргелешкен иш планына кол коюлду.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар