Түркиялык тарыхчы Конуралп Эржиласундун кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-21

1998720
Түркиялык тарыхчы Конуралп Эржиласундун кыргыз таанууга кошкон салымы

 

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү уктуруусунда түркиялык тарыхчы Конуралп Эржиласундун кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Профессор доктор Конуралп Эржиласун 1972-жылы Түркиянын Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Эржиласун 1993-жылы Анкара университинин Жалпы түрк тарыхы кафедрасын бүтүргөн. Ал 1995-1999-жылдары Тайванда магистратурасын ийгиликтүү аяктаган. Эржиласун 2003-жылы Анкара университетинде “Цин династиясы доорунда Кашкар” аттуу доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Эржиласун 2018-жылдан бери Анкара Хажы Байрам Вели университетинде эмгектенет. Ал университетте Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхы, Карахандар тарыхы, Түркстан тарыхы, Түрк дүйнөсү тарыхы сабактарын берет.

Конуралп Эржиласун кыргыз, казак, англис жана кытай тилдерин жакшы билет. Хун, Кытай, уйгур тарыхы боюнча китептер жарыялаган. Ал Борбор Азиянын тышкы саясаты боюнча түрк жана англис тилдеринде аналитикалык макалалар жарыялап турат.

Эржиласун 2004-2007-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эмгектенген. Бишкекте иштеп жүргөн жылдары кыргыз тилин өздөштүргөн жана Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана саясаты боюнча изилдөөлөрдү жасаган. Кыргызстандын Бишкек, Кара-Балта, Чок-Тал, Нарын, Жалал-абад шаарларында уюштурулган илимий иш-чараларга жигердүү катышкан.

Ал 2014-жылы Анкара шаарында жарыяланган “Түрк дүйнөсүнүн борбор шаарлары” аттуу китептин Бишкек шаары боюнча бөлүмүн жазган. Жалпысынан 70 барактан турган макала, Бишкек шаары боюнча түрк тилинде жазылган көлөмдүү эмгектердин бири болуп саналат.

Конуралп Эржиласун Шахин Карасар менен биргеликте 2007-жылы “20-кылымда кыргыз улуту (1916-1991)” аттуу 90 минуталык даректүү тасма даярдаган. Бул даректүү тасмада кыргыздардын кимдигинин 20-кылымда кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгондугу чагылдырылган.

Жыйынтыктай турган болсок, профессор Конуралп Эржиласундун Карахандар, жунгар жапырыгы, Кыргызстандын шаарлары, Ысык-Көл, Талас согушу, Кыргыз-түрк мамилелери, Кыргыз-казак мамилелери, Кыргызстандын тышкы жана ички саясаты сыяктуу темаларда иликтөөлөрү жарыяланган.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Ercilasun, Konuralp, “Bişkek”, Türk Dünyası Başkentleri, Ankara: AYÜ Yay., 2014, s. 333-404.

Ercilasun, Konuralp, “Kalmuk Göçlerinin Türkistan’a Etkisi Hakkında Bazı Görüşler”, İnternational Symposium on Altay Communities, 18-19 July, İstanbul 2011.

Ercilasun, Konuralp, “Karahanlılar Devrinde Kaşgar”, Mustafa Kafalı Armağanı, Ankara 2002, s. 137-146.

 Ercilasun, Konuralp, “Khrushchev and Brezhnev Era: Emergence of the ‘New Soviet Person’?”, Central Eurasian Studies Society, First Regional Conference, Chok Tal, 2008.

Ercilasun, Konuralp, “Kırgızistan’ın Renksiz Devrimleri”, Stratejik Düşünce, Mayıs 2010, s. 42-46.

Ercilasun, Konuralp, “Kırgızistan'ın Dış İlişkilerinde Türkiye ve Çin". Bağımsızlığının 20. Yılında Kırgızistan ve Kırgızistan-Türkiye İlişkiler Çalıştayı, 13 Aralık 2011. ORSAM Tutanakları, No: 19, Ankara 2012, s. 8-9.

Ercilasun, Konuralp, “Kyrgyz Politics”, The Summer Course on Studying Eurasia, Maulana Abul Kalam Azad Institute of Asian Studies, Kolkata 2010.

Ercilasun, Konuralp, “Suchandana Chatterjee, Mind and Vision: Perceptions of Reform in Kazakhstan and Kyrgyzstan, New Delhi: Bookwell Publishers, 2006.”, Europe-Asia Studies, 61/2, 2009, p. 377-379.

Ercilasun, Konuralp, “Talas Savaşı’nın Siyasi Sonuçları Üzerine Düşünceler”, Uygur Tarihi Konferansı, 7 Ekim 2016.

Ercilasun, Konuralp, “Talk on the Documentary “The Kyrgyz in the 20th Century”, İnternational Conference on Central Eurasian Studies: Past, Present and Future, 17-19 March, İstanbul 2009.

Ercilasun, Konuralp, “The Kyrgyz Historiography”, The Summer Course on Studying Eurasia, Maulana Abul Kalam Azad Institute of Asian Studies, Kolkata 2010.

Ercilasun, Konuralp, “The Kyrgyz Revolution: Before and After”. Cultures and Societies in Transition: India, Russia and Other CIS Countries, editör Manu Mittal. Shipra Publications, 2008, p. 134-145.

Ercilasun, Konuralp, “Türk Tarihinde Yeni Bir Dönem Başlatan Merkez; İli-Isık Göl Bölgesi”, Kaşgarlı’nın Tarihçi Torunu Reşat Genç Armağanı, TKAE Yay., Ankara 2015, s. 187-194.

Ercilasun, Konuralp, “Yusuf Has Hacip'in 21. Yüzyıldaki Torunları”, Yusuf Has Hacip'in Doğumunun 990. Yıldönümü Sempozyumu, İstanbul 2009.

Эржиласун, Конуралп, “XVIII-XIX кк. арасындагы Чыгыш Түркистан тууралуу кытай булактарында”, Ажыбек баатыр жана анын доору Казыбек казалчы жана анын адабий мурастары аттуу Республикалык илмий-практикалык конференция. Нарын 2003.

Эржиласун, Конуралп, “Кытай булактарында 18-19 кылымдарындагы Кыргыз-Казак мамилелери”, Жайыл баатыр: бүгүн жана келечек. Эл аралык илимий конференция. 12-октябрь Кара-Балта 2006. 35-б.

Эржиласун, Конуралп, “Цинь империясынын Кашкариядагы мамлекеттик башкаруу системасы (XVIII к. 2-жарымы)”, Кыргызская государственность в системе Евразийских реалий, Международный конгресс востоковедов. Бишкек 2003.

 



Тектеш кабарлар